temirlik
temirlik
TEMIRLIK
382 posts
Блог
Don't wanna be here? Send us removal request.
temirlik · 5 years ago
Text
Бул материал Кыргыз маданият борбору сайтында жарыяланган
New Post has been published on https://kmborboru.su/2020/07/27/kyrgyz-poeziyasy-tirkemesi-dayardaldy/
"Кыргыз поэзиясы" тиркемеси даярдалды
Tumblr media
GLIDE кызматын колдонуп, «Кыргыз поэзиясы» деген тиркеме иштелип чыкты. Бул тиркемеде 50 дөн ашык акындын ырларын тапса болот.
Тиркемедеги акындардын тизмеги да, алардын ырлары да толукталып турмакчы. Ар бир акындын бардык ырын топтоо максат кылынган жок. Ар бир акындын бул сайттагы баракчасынан 3төн 8ге чейин менин пикиримдеги мыкты делген ырлары гана киргизилди. Анткени тиркеменин негизги максаты катары — кыргыз поэзиясынын көп кырдуулугун көрсөтүп, акындардын чыгармачылыгы менен аздан болсо да тааныштырууну көздөдүм.
Балким, мен тандаган ырлар менен макул болбошуңар мүмкүн. Бул кадыресе көрүнүш. Ар бирибиздин табитибиз ар башка эмеспи.
Анан да бул сайтыбызда кайсы бир акындын мыкты деген ырлары болбой калышы мүмкүн. Ошондуктан сунушуңарды, кеңешиңерди укканга даярмын.
Бул тиркемени сайттын Телеграммдагы окурмандары гана чөнтөк телефондоруна жүктөй алат. Ошону үчүн бул каналга жазылууңарды сунуштайт элем. Анын дареги: https://t.me/kg_adabiyat
0 notes
temirlik · 5 years ago
Text
Бул материал Кыргыз маданият борбору сайтында жарыяланган
New Post has been published on https://kmborboru.su/2020/02/26/ajzat-kudajberdi-kyzy/
Айзат Кудайберди кызы
Tumblr media
* * *
Көпкө уктум, күндөр жылга айланды, Уктум сени – жарадар бир дүйнөнү, Көпөлөктөй дирилдедим мен сенден, Көрдүм сенден наристенин нур көздөрүн карай берчүү асманды, Тилектери айланышкан графикалык сүрөткө.
Күнөөсү жок жандай элең көөдөнүңдөн жаш агып, Көзү сокур ыр агып… Алдейлегим келди сени, Алдейлегим келди сенин жүрөгүңдү жүгү оор…
Кооздогум келди сенин калааңды, Муздактыгы тунук айнек кылып койгон көзүңдү, Жылмаюңду балатыдай жасалгаланган, Жасалгасыз үшкүрүгүң. Көз жашыңды аяр аарчыгым… Куткарайын сенин таза дүйнөңү! Тилегиңди, санааңды, Жылдыз учпас асманы бар калаадан, Кыялыңды кымтып алып ызгаардан! Бирок, бирок аттиң! Коргой албайм сени тагдырдан, Жолун тосо албаймын да Кудайдын…
А менинчи? Угуп тур, Мен ырдаган, мен ыргалган аз күндүн өңү өчтү, Муң калган жок күрөшчүү. Күйүп кетти мен жактырган сары талаа, Жашылданган бойдон калды көздөрүм. Күз күнүндө күлгө айланып, Мен өзүмдү алдым жоготуп. Эсим жыйган бир убакта, Кайып болуп кетти бардыгы, Эскерүүлөр – бычак алтын сап, Эссиз күнүм – күмүш куурчак. Мен жолум бир жол эле, Жанга жан да, канга кан. Ушул күндө келээр беле, сенин дагы жашымды аяр аарчыгың…
Жашоо бүтөт башталган жерден, Башталууңу керек эми тандашың. Эрте-кечпи кетет күндүн кызылы. Кетем мен да кайык болуп колум булгабай, Тандап алып ким бирөөнүн жүрөгүн. Же баш ийип бүт дүйнөлүк мыйзамга, Тандайм үйдү асман көрүнбөс.
Бул жөн гана боолголоо эртеңди. Бирок мен, төрөлгөндө башым ийбей эч кимге, сөзүн укпай эч кимдин, жага турган Теңирге да, өзүмө, тандап алгам тескери жол Теңирден!
Мен Теңирден тескери жол тандадым!..
Ж….га
Сени көрсөм келе түшөт эсиме, Эстеликтер көчөлөрдө жашаган. Адамдардын көздөрүнө суз карап, Бүгүн Күндү, Түнү жылдыз санабай, Баш кийимсиз төбөсүнө сезилбей, Жаздын, жайдын ысыгы…
Сени көрсөм келе түшөт эсиме, Эски үйдүн терезеси, Арча, тагдыр жыттанган. Айнеги жок, көргөзүүчү келечекти, жамгырды. Сүртө албайсың, суулап андан өтмүшүңдү тумандуу… Айнеги жок терезеби терезе?.. Терезесиз Үй болобу үй дагы?.. Терезесиз үйдө болсо да эркиндик, болбойт бирок бейпилдик…
Сени көрсөм келет менин эсиме, Текчедеги окулбаган китептер, Көргөзмөгө коюлгандай тизилип, Көргөзүүгө үйдүн ээсин билимдүү, Кооздоого муздак үйдүн бир бурчун… Көп жыл мурун, Уктаар элең бир жаздыктын астында, Бир адамдын оюнда…
Азыр сенин келип жүрөт, Кечир десе Кучагына кулагың, Канча жылга искей албай жоготкон, Көчөдөгү таза, муздак, Кыш жытын, Жайдын аптап абасын, Өзүңдөгү андан кийин, эч ким даап өппөгөн, Эриниңди, чачыңды, Алмаштырып салгың келип, Кечиримге, каргышка… Топтоп берчи күзгүлөрдүн сыныгын, Көздөрүңдүн сыныгын…
Өлгүң келип, өлбөстөрдөй жашайсың, Асман сени катар миң жыл күзөтпөй, көзүн алат бир күнү, Жалбырактар жарым кылып жашабайт, Жерге түшкөн көлөкөңдү кайталап… Сенде калат жалгыздык, Өчөт, өлөт бардыгы, Суралбаган кечиримден, Айтылбаган кечирүүдөн башкасы…
Сени көрсөм келет менин эсиме, Эстеликтер көчөлөрдө жашаган, Унуттурбоочу байыркыны, өткөндү, Эске салып түбөлүктүн жоктугун.
АЛДЫДА КҮЗ…
Сентябрдын сепкил баскан жүзүндө, Ишенимдүү айтылбаган сүйлөмдөр… Даамын унутуу бүгүн ичкен кофемдин, Уктап калуу угуп жатып Шопенди… 17-күзүм кирип түшүмө.
Алдыда жаан, Жаайт дешкен бейшемби, Октябрдын ойго оролгон түндөрү. Жамгыр жаайт бүт тытмалап денемди, Келсе эгер ушул күнү, Сыртка чыгып, сырым төгүп, Бирөө менен жеңил бийди бийлегим, Кантээр экем мен эми!?
Алдыда кыш… Куштар кетип жылуу жакка, Калат ж-а-алгыз мен сүйбөгөн каргалар, Коркунучтуу көзү менен капкара… Тиктейм көпкө адамдарды, Жазда, жайда, азыноолак күзүндө, Бирге болгон көлөкөсүн жоготкон… Апам чалат: “Кайткын үйгө, кол кабыңды унуттуң!” Келип жатат үшүгүм… Кайтат үйгө муздаткычтай адамдар, Жумушунан көлөкөсүн таба албай.
Алдыда кар… Зым мамыга конуп алып сезимдер, “Тып” деп түшөт ызы-чуулуу базарга… Үч дубалдуу, эшиги жок бөлмөгө, Көлөкөмдү күндө жалгыз калтырып, Жөнөп берем адамдарга, Кара кийим кийинген… Тайгаланып, кайра туруп, Колдорумдан бир Кар киши жаралбай, Кара чачын ак кар кылбай бирөөнүн, Оюн курбайм карды кечип тизеден… Суукта да жүрсөм керек үшүбөй? Аяз Ата келбет окшойт бу кышта!?… Тентектигим жоголгонун тез билип, Таарынса бир Аяз Ата таарынсын!
Алдыда жаз… Куштар келет, билбейм кайсы тараптан, Каргаларды унуттуруп дос болгон, Эң чыдагыс убакта… Бир талаада өлөт миңдей байчечек, Мага арналып терилбей… Кечээ жазган ырлар бүгүн окулбайт, Кечээ сезген бакыт бүгүн жок!
Алдыда жай… Күн түбүндө, Күн өткөрбөй кыялдуу, Күндүн сөөгүн көмүп салып, Кышта мен, Жолоочудан жомок сурайм, Укташ үчүн тынчыраак. Түшкө кирбейт деңиз көздүү Капитан…
Алдыда күз… Жашагым жок бу күздү, Кан көчөдө басып жүрөм, аралап жалбырактын өлүп калган денесин…
Күзгүдөн карап турам өзүмдү мен, Күзгүдө күлүп турам… Күзгүдө жамгыр жаайт… Көрүнөт көгүлтүр көл өмүрлөрүм, Көк асман болгон таза сүйүүлөрүм, Көк аскага коюлган табыттар да, Бүркүттөр көмүп кеткен… Анан сен көрүнөсүң, Турпатыңдан жалтанат менин күзгүм, Бөлүнөт тең экиге!..
Теңирдин көзү түшкөн турпатыңда, Деңиздин толкундары… Жашадым жүрөгүңдө, Жашадым Өзүм болуп!.. Кенен жайгын асмандай канатыңды! Батсын ага коён көз кыялдарым, Кар киши мурду сабиз, Жолдонгон каттар дагы Аяз атага, Кырк күн жетпей түшүнчүү кылыктарым, Бал таттуу ырлар дагы сага арналчуу, Жамгырдын ыры менен, бийлегиси келген бир бала жыттуу Периште, батсын сенин канатыңа…
Ирмебе көздөрүңдү… Көзүмдү албай сенден, тиктегим келет дейсиң таарынганың… Оо, менден мурун көргөн кайгыларың, Сенден мурун сестенткен сүйүүлөрүм, Айлансын бир заматта балбал ташка!.. Деңиздей көздөрүңө дилимди чайкайын да, Эриним тийгизейин… Деңиздер өлбөйт, жаным! Кечээ эле чайпалган бүгүнкүдөй, Бүгүн дагы чайпалат кечээкидей… Өтөлбөгөн өмүрдөй кызыктуусуң Баштан өткөн байыркым эске кирбейт…
Айкөлүм, ак пейилдүүм! Ырлардай ыйык болгун! Топ элдин арасынан батперек кармап алган баёлукту, Адашып кете электе башка болуп, Айрыбай таап алгын! Айлангын тилегиме, Ыйгаргын кыялыңды. Жанымда бийик сезгин! Жанымда баатыр сезгин өзүңдү өзүң, Куткарып калган мени коркунучтан!
Мен азыр сенден кетсем, Жүрөгүм оорубайт да, Жүрөгүм зырпылдабайт! Баш тартуум көнүмүш иш, Бакыттан, же азаптан белгисиз бир… А бирок туюп турам, Жоготом ыйыктыкты, Жоголот сезимдерим, Сага жаккан периште болбой калам, Бирөөнүн таштай муздак көзүндө курман болом… Андыктан сакта мени, Кыяндан, кубулуудан. Өзүмдү жоготконум – өлүм болсун!
Деңиздей албуут дагы, Деңиздей күн өткөргөн көздөрүн кадап алып көк асманга, Деңиздей жапжаш дагы көзүндө миң кылымдын сүрөттөрү. Деңиздер өлбөйт, билем!
0 notes
temirlik · 6 years ago
Text
Бул материал Кыргыз маданият борбору сайтында жарыяланган
New Post has been published on https://kmborboru.su/2019/10/16/zha-y-agymdyn-sharpynan/
Жаңы агымдын шарпынан...
Абдысамат Сарала
* * *
Жалбырактар сапырылып тизеден, Түнкү жаандан нымшыйт асфальт-тротуар. Күтпөйт эч ким… Мен да эч кимди издебейм, Эски ойлор… Жалгыз гана отурам…
Эске түштү алыстагы балалык, Ушул жерден узатчу элем куштарды. Мүмкүн бүгүн мен атайы адашып, Мүмкүн дале ушул күзгө куштармын.
Куштар, куштар бүгүн анча тынчсыңар, Жаптыңарбы коңур күздүн эшигин? Силер күткөн, силер күткөн ырчы да, Келди бүгүн бир аз, бир аз кечигип.
Ойго чөгүп мен ордуман басалбай, Көз чаптырам алыстагы ашууга. Жылдан-жылга чуркаганым басаңдай, Жылдан-жылга кадамдарым катуулайт.
Жылдан-жылга ичим тарып кыялга, Мага эми жер түз эмес, шар сымал. Ошентсе да ушул күздү кыялбайм, Ушул күздү жүрөгүмөн жактырам.
Кайсыл жерге куласам деп ойлонуп, Жалбырактар каалгып учат мас сымал… 2007
  Рахат Таштемирова
* * *
Сүйүү бүттү… өмүр бүтпөдү… Токтободу саат түк дагы! Жаздын жыты аба аңкытып, Жаай берди жамгыр сырттагы.
Арман берди… ажал келбеди… Аңтарылды аалам мендеги! Жаз – дүйнөнү жылытты, бирок Жан дүйнөмө жардам бербеди…
Эрдим тиштеп бүтпөс жарага, Барксыз өмүр… өксүк… санаага. Сынып калган сезимим менен, Мен жашоого көнүп баратам…
  Мезгил Исатов
* * *
Жарымы жок, Аягы бар… Ичимдеги оргуштаган ойлорум. Сен сыяктуу шам чырак! Бирде күйүп, Бирде өчүп, Бөлүп турат Аралык! Карангылык, Ак жарык… Калып калды жалгыздык! Келип калды Карылык!
  Толук Бек Байзак
СҮРӨТЧҮ КҮЗ
Көрсөтө алган көркөм өнөр өрнөгүн, Күздөй укмуш сүрөтчүнү көрбөдүм. Көңүл чиркин күздө түшкөн жалбырак, Көөдөн толгон ырымды укчу сен менин.
Кур бекерге өткөрдүм деп өмүрдү, Көздөрүңдөн күз жамгыры төгүлдү, Күз бечара ар нерсенин соңу эмес, Куруп кетсин, көкөлөтчү көңүлдү.
Кимдер мынча көңүлүңдү муңайтты, Кудай деген канча эшикти кыңайтты… Көңүл ышкын күүлөндүрүп комуздай, Күздө дагы жаз болбойт деп ким айтты?
Сансыз адам пейилдерин түздөгөн, Санаалардан бакыттарын издеген, Сагынычка, кусалыкка байыткан, Сары алтын го, береке го күз деген.
Жаман ойлор көңүлдөрдү муз кылат, Жабыктырат, жалгыз кылат, мыш кылат, Жакшылыкты тилегин деп ар убак, Күз шамалы кулагыңда ышкырат.
Көңүл толкуп, күүгө салып термеген, Күзгө кулак төшөйлүчү сен менен, Көрктөндүрүп табиятты бойогон, Күздөй мыкты сүрөтчүнү көрбөгөм…
  Айнагүл Базарбаева
* * *
Мелмилдеп жатасың көл, Пейлиндей аялзаттын. Кучакка кысып алгам,- Мээрим көл, балам бактым.
Жээгинде турам көлдүн, Балама тилеп өмүр. Мамактын ак сүтүндөй, Ак толкун ийип, көбүк.
Ысык-Көл ыйык көлүм, Жээгинде бийик көңүл. Сезимдер толкуп-ташкан, Көзүңдөн сүйүү көрдүм… 2019
0 notes
temirlik · 6 years ago
Text
Бул материал Кыргыз маданият борбору сайтында жарыяланган
New Post has been published on https://kmborboru.su/2019/10/16/bishkekte-kitep-bazarynyn-ordu-tabyldy-okshojt/
Бишкекте китеп базарынын орду табылды окшойт
Tumblr media
Акыркы кезде китепке кызыгуу күчөп баратканы кубандырбай койбойт. Китеп окуу боюнча жаш балдар ар түрдүү акцияларды уюштура калып жатышат. Жаңы китеп дүкөндөрү да ачылып жатат. Кыргыз адабиятына кызыгуу өскөнүнүн дагы бир белгиси – Шайлообек Дүйшеевдин “Агындылары” бир нече жолу кайрадан басылып чыкканы, Зайырбек Ажыматовдун жакында эле 1000 нуска менен чыккан китеби да заматта сатылып бүтүп, кайрадан басылып жатканы.
Ошол эле кезде бизде китеп сатылган дүкөндөрдүн саны али да аз. Бул маселенин курчтугун кандайдыр бир деңгээлде ар кайсы жерде уюштурула калып жаткан жайма китеп базарлар азайтып жаткан эле. Бирок жакында эле Бишкекте болгон окуя, мындай “жапайы” китеп базарларга жергиликтүү бийлик өкүлдөрү терс мамиледе экени бакйкалды. Аны түшүнсө болот. Сатуучулар китептерин адам баскан жерлерге жайгаштыра калып, ары-бери баскандарга жолтоо болушат.
Ушундайда Олжобай Шакир менен Садык Шер-Нияздын көтөргөн демилгелери колдоого татый турган нерсе. Олжобай өзүнүн Фейсбуктагы баракчасында мындай деп жазып жатат:
«Эми Сакем экөөбүз бирдин ичинен чыгалы дедик! “Иштин башы ишемди” деп, ишембиден баштайбыз жаңы долбоорубузду! Ишемби, жекшемби күндөрү борбор калаабыздын “Манас” кинотеатрынын алдында эртеден-кечке китеп жарманкесин уюштурууну кеңештик. “РухЭш” сайты менен “Айтыш” фонду иш баштап беребиз авторлорго. Эми айланайын акын-жазуучулар, урматтуу окурман журту! Ар бир ишемби, жекшемби күндөрү “Манас” кинотеатрынын алдына келе бергиле! Бириң китеп сатып ал, бириң кол тамга коюп берип, айтор китеп сатуудан уялбай, ордуңардан копшолгула эй))))».
Буга кызыккандар, китептери менен бул жерге чыккысы келгендер «РухЭштин» адабий агенттигине чалгыла дейт Олжобай. Телефондору: 0700532585.
Китеп сатууну уюштуруп беребиз, билбегендерге үйрөтөбүз дейт.
Бирок кыш келатат. Суук мезгилде бул жөрөлгө кандай болот экен? Анан да азыр биз маданияты өнүккөн өлкөлөрдөй, авторлордун окурмандары менен жолугуп китеп сатуу жолуна өтсөк жакшы болот эле. Бирок мындай нерсенин эл кайнаган жерде эмес, шашпай, тынч жерде отуруп, баарлашууга мүмкүн болгон жерде уюштурулушу туура болчудай. Бара-бара бул да чечилип калаттыр. Адабият, маданият күжүрмөнү Олжобай болбосо да башкасы бул ишти колго алаар. Эн жакшы болот эле.
0 notes
temirlik · 6 years ago
Text
Бул материал Кыргыз маданият борбору сайтында жарыяланган
New Post has been published on https://kmborboru.su/2019/10/15/anna-ahmatovanyn-rekviem-poemasyn-shajloobek-d-jsheev-kyrgyzchalady/
Анна Ахматованын “Реквием” поэмасын Шайлообек Дүйшеев кыргызчалады
Tumblr media
Кыргыз адабиятында биринчи жолу!
ЫРАКМАТ!
Кыргыз Эл акыны Шайлообек Дүйшеев Анна Ахматованын “Реквием” поэмасын кыргызчага которуп бүткөнүн угуп, аябай сүйүнүп олтурам. Бул иш улуу акындын белгилүү саптарын которуудан башталып, анан киришкен ишин аягына чыкмайын жаны тынбаган дулдул Шакем татаал чыгарманы баса олтуруп которуп салды. Билгенге бул пил көтөргүс опол тоо эмгек. Анна Ахматованын акындык өнөрүнүн Кан-Теңир чокусундай алыстан көрүнүп турган, жаралашы кечээки тарых—акындын совет кезиндеги татаал, трагедиялуу турмушунан сызылып чыккан, жеке кайгы-касиретин доордун добушуна айлантып, көп катмарлуу, көп маанилүү, окуган адамдын ой-сезимин зылдай басып, өткөндү, учурду, келечекти кенен ойлонтуп салган чыгарма жаратып салган. Акындын кайгысы, трагедиясы аягында келип замандын ыйы, доордун азабы катары чыгат. Шакем ушул 196 саптын ичине камтылган татаал ойлорго чүмкүп, ар бир сөздүн түбүнө түнөп, анда айтылгандарды өзүнө жакын кабыл алып, “Реквиемге” күйүп-бышып, эмнеликтен адамдар бирин бири жок кылып, бирин бири кыйнап, канбайрамды салышат суроосуна башын оорутуп, кыйлага чүнчүдү. Кандайынан келгенде да кыргыз тилинин мындай улуу классикаларга “тиши” өтпөйт, мындайларга алы жетпейт деп бышкырык аткандарды таза мыш кылып, “Реквиемдин” кыргыз кыртышына өнүп, эне тилибизде эркин сүйлөп чыгышына опсуз мээнет сарптаган Шайлообек акынга ыракмат!
Бекташ ШАМШИЕВ, филология илимдеринин кандидаты
________________________
Анна АХМАТОВА
РЕКВИЕМ
(1935—1940)
Оронбодум алтын, күмүш, шайыга, Оор кезеңде ооздук менен суу ичтим. Элим менен бирге болдум дайыма, Эл уу ичсе мен да кошо уу ичтим. 1961
КИРИШ СӨЗ ОРДУНА
Ежовщинанын каардуу жылдарында мен он жети ай бою Ленинграддын түрмөлөрүндө кезекте тургам. Ошондой күндөрдүн биринде кимдир бирөө мени бүшүркөп тааныды. Арт жагымда турган, ээриндери көгөрүп чыккан аял, албетте менин атымды өмүрүндө укпаса дагы, уйкудан ойгонуп кеткенсип серпилди да кулагыма акырын шыбырап (ал кезде баары эле шыбырап сүйлөп калышкан):
– А сиз ушуларды жаза аласызбы?-деп сурады.
Мен:
– Жаза алам, – дедим.
Ошондо, ал аялдын, ага дейре такыр эле күлкү жолобой качып калган жүзүндөкжылмаюуга окшогон бир нерсе пайда боло түштү.
1957-жыл, 1-апрель. Ленинград.
АРНОО
О, кудай-ай, мындай тозок кайда бар? Бул азаптан тоо бүктөлүп, токтоп калды дайралар. Түрмөлөрдүн бирок бекем эшиги, А аржактан тиктейт көрдүн тешиги. Ким бирөөнүн шамал сылап жүзүнөн, Ким бирөөнүн түгөнүүдө кешиги. Биз баарыбыз тагдырлашпыз, азган-тозгон арыган, Солдаттардын зыл ташындай кадамы, Каалгалардын кайчылдаган үнү ачкыч кажыган. Кутпа жайлар көркоолукка көнүккөн, Кудурет да, Кудай дагы жөнүккөн. Купкуу болгон шаардын илкип карааны Аттап жылат жансыз жаткан өлүктөн.
Күн чүмкөнүп, Нева туман, думугат, Курган үмүт өчпөйт дале көңүлдөн. Өкүм… Дароо көз жаш куюлат, Түрмөдөн да, дүйнөдөн да бөлүнгөн. Бүт жашоону жүрөктөрдөн суургандай, Таштандыга таштаганы тургандай, Келет араң… Эптеп бузбай ыргагын, Кайда менин курбуларым, курганым, Кайда менин жинди болгон жылдарым? Не болду экен ызгаарында Сиби��дин, Ай��ы тыткан бороонунда иңирдин, «Кошкула!» деп айткан соңку сөздөрүм, Колуңарга тийер экен кимиңдин? Март 1940.
КИРИШҮҮ
Болгон, болгон, кандын жыты малаңдап, Ленинградда, түрмөлөрдүн ичинде. Дарга асуучу жип-шуулары салаңдап, Өлүктөрдүн куунап-жыргап жүзүндө. Соолор такыр акыл-эстен айныган, Соттолгону солбуп келип токтогон. Коштошуунун чолок ырын каңгыган, Паровоздун кыйкырыгы коштогон. Так төбөмдө ажал турган жымыңдап, Эч айыпсыз өчүп Русь, өчүп Күн, Эч айыпсыз тепселүүдө кайгым да Канды кечкен таманында өтүктүн, Ыйды кечкен дөңгөлөктүн алдында.
I
Апкетишти үйдөн сени таңга жуук, Таштандыны апкеткендей андагы. Караңгыда балдар көзүн канга жууп, Калч-калч этип колдон түштү шам дагы. Унутулбайт! Унутулбайт эч качан! Чекеңдеги муздак тери ажалдын, Эрдиңдеги сууктун ызгаар илеби. Жалгыз уулу, жан эринен ажырап, Жолун тосуп асмандагы Кудайдын, Кремлди тиктеп алып улуп турган аялдардын иреңи. 1935. Күз. Москва
II
Агат жымжырт Тынч Дон күндөгү, Ай сапсары биздин үйдөгү. Шапкеси шаңсыз кыйшайган, Шайы кетип, алсыз кыйкайган. Сары санаа жеген, соолуткан, Ушул аял жалгыз, оорукчан. Эри көрдө, уулу түрмөдө, Эч жан жоктур мындай дүйнөдө. Маңги кылган маңыз түн күбө, Мага дуба кыла жүргүлө.
III
Жок, мен эмес, андан алысмын, Мен антелбайм, айтпа аларды. Чүпүрөктөп, чүмкөп салышсын, Апкетишсин Түндү, Фонарды.
IV
Энчилеткен эмес эч бирин, Эркеси эле үйдүн, короонун. Царскселолук шайыр селкинин Ким билиптир мындай болорун— Киргизалбай тамак-ашыңды, Кресттеги ыйлуу катыңды. Жаңы жылдын төктүң музуна Көзүңдөгү ысык жашыңды. Түрмөлөрдө улам жыгылып, Түнү бою ажал кыдырып. Үнсүз-сөзсүз, кылдай күнөөсүз, Канча өмүрлөр жатты кыйылып… 1938
V
Он жети ай мени сенделттиң, Оорумсуң, оюм, санаамсың. Бутун да өптүм желдеттин, Баламсың балам, балаамсың. Түрүүлөй басты жин-арам, Түйүнүн турам чечелбай. Кимиси жырткыч, ким адам, Өлүмдү күттүм кетелбай. Чиркөөдөн чыккан үндөрдүн, Түтүндүү изи түндөрдүн Кайдадыр каңгып агылат. Карегин менден албастан, Жакында болчу кырсыктын Жылдызы көзгө чагылат. 1939
VI
Апталар жеңил өтүүдө. Түшүнбөйм, эмне болгонун, Түрмөдө, сенде-- ойлорум. Агыш түн дагы кириптир, Акырын басып жүрүптүр. Шумкардын оттуу көзүнөн, Өзүңдү көрүп каралдым, Өлүмдү уктум сөзүнөн. 1939. Жаз
VII
ӨКҮМ
Кулагым угар сөз эле, Антээрин билгем булардын. Кулады таштай өзү эле, Мен бейбак дагы чыдармын.
Ансыз да ишим чачтан көп, Ак уруп азап тартпайын. Жалаасын камдап жаткан көп, Жашоомду кайра баштайын.
Чын эле... Күздүн табыбы, Ээлентти көңүл кушумду. Ээн үйдө Күндүн жарыгы, Мен күткөн майрам ушулбу? 1939. Күз. Фонтандуу Үй.
VIII
ӨЛҮМГӨ
Сен баары бир келмек элең—неге бүгүн кечиктиң? Айтчы күткөн оңой бекен өлүмдү? Шамды өчүрүп, ачып койдум эшикти, Келиш сага кеп эмес го кенедей, Кандай келсең дал ошондой кенебей, Жардырып кел снарядың ууланган, Же баш кесер бандит болуп келе бер, Же жомок бол каалагандай кууланган-- Жанды оозума тиштеп жатып өлөйүн, Сандалдагы саман өңү саргарган, Саткындардын кебетесин көрөйүн. Маган эми баары бир, Түндүк Уюл жылдызынын жарыгы, Енисейдин селдеп-ташып акканы. Ашыктардын арзуусунун жалыны, Ажал келип каректерин жапканы. 19-август 1939. Фонтандуу Үй
IX
Акылды каптап тунарык, Жанымдын жармы бөгөлдү. Шарапка тынбай сугарып, Мас кылып жатты өрөөндү.
Түшүнүп турам мен аган, Жеңилип бериш керегин. Өзүмдү угам деле анан, Башкага келет жөнөгүм.
Толтургум келип кемтемди, Жалбартсам дагы көзүмдү. Алдыртпай эч бир нерсемди, Апкетти жалгыз өзүмдү.
Азаптан жаны таш болгон, Уулумдун көзү каар элес. Добул да эмес, жаан эмес, Жолуга турган маал эмес.
X
БАТАЛГА
Не рыдай Мене, Мати, во гробе зрящия
1
Периштелер куунап-жыргайт, кубанат, Асманды отко жагып жатат будалап. Аласалып, аяк-башы көрүнбөй, Алай-дүлөй, акыр заман, кыямат.
2
Крест дагы, Ай да Жиндин күчүндө, Чиркөөлөр да, Мечиттер да түтүндө. Жер жалындап, ээрип, түгөп, аз-аздан Жексен болуп бара жатты бүтүндөй.
ЭПИЛОГ
1
Өмүр көрдүм күлдөй күбүп, тагдыр айдап экчелген, Үрөй учкан коркунучту шыбырашкан кептерден. Клинопистин барактарын таш чополуу дептерден, Кыйноолордун бырыштарын азап тарткан беттерден. Кышка жетпей кыроо баскан кара-күрөң чачтардан, Маркумдардын эрининен өлөрүндө жылмайып, Күлгөндөн да коркуп жатып кургаарына аз калган. Дуба кылдым жалгыз эле өзүмө эмес, дагы да, Мени менен күнү бою тургандардын баарына. Бурганактуу аязда да, жайдын кайнак күнүндө, Түрмөлөрдүн кызгылт, дүлөй дубалынын түбүндө.
2
Кирип келди аза күтүү сааты санап биерди, Көрүп турам, угуп турам, сезип турам силерди: Калт-калт этип терезеге араң жеткен сени да, Кара жерге кепини жок жалаң кеткен сени да, Сени дагы, күч-кубатты берсе экен деп түрүңө, Айттым эле: “Күндө келем, келген өңдүү үйүмө!” Баарыңарды атайт элем атыңардан кез келген, Жок кылыптыр тизмеңерди, табалбадым эч жерден. Шейит кеткен баарыңарга берсин орун жаннаттан, Кудай эми төрүңөрдү бейиш кылсын ал жактан. Мен силерди эстейм дайым, өлүм мени жеңсе да, Мен силерди унутпаймын, тозок кайра келсе да. Сөзсүз менин оозумду жаап, сүйлөтүшпөйт, тыйышат, Так ошондо жүз миллион эл кыйкырып чыгышат. Алар дагы башкалардай мени дагы эстешсин, Келген адам өлгөн күнү бүгүн тура деп кетсин. Качандыр бир бул өлкөдө ким бирөөлөр эскерип, Койсокпу деп ойлонушар мага балким эстелик. Коло менен тургузчулар же чекчүлөр таш менен, Макулдугум берет элем мына мындай шарт менен: Койбогула, мен төрөлгөн, көк деңиздин жанына: Кол үзгөмүн мен деңизден, көргөзбөгүн аны маа. ��агы болбойт сейил курган бакка алпарып бөлөсөң, Мени ал жерден таппай жүрөт издеп курган көлөкөм. А мында мен үч жүз сааттап шордуулардын кешигин, Алып келип күткөндө да ачкан эмес бирөө чыгып эшигин. Коркушсун деп кыйноолордон жаны оозуна көрүнгөн, Коркушсун деп колдоруна колгап кийген өлүмдөн. Унутсун деп, каны жерге агып жаткан жемпирдин, Ок жаңылган жырткычка окшоп улуганын кемпирдин. Мейли анда, кылымдарга кыймылдабас коло эстелик өң берсин, Карлар эрип аккан кези аялдардын аккан жашы өңдөнсүн. Түрмөлөрдөн учуп чыксын көгүчкөндөр алыстай, Нева менен сүзүп жүрсүн кеме, тыптынч, камыкпай.
1940, март Фонтандуу Үй
Кыргызчага которгон Шайлообек ДҮЙШЕЕВ, 14-октябрь, 2019-жыл, Таш-Дөбө айылы.
0 notes
temirlik · 6 years ago
Text
Бул материал Кыргыз маданият борбору сайтында жарыяланган
New Post has been published on http://kmborboru.su/2019/07/11/perizat-almaz-kyzy-abaj-medaly-menen-syjlandy/
Перизат Алмаз кызы “Абай” медалы менен сыйланды
4-5-июль күндѳрү Казакстан Республикасынын борбору Нур-Султан (Астана) шаарында Евразия акын-жазуучу, публицисттеринин Эл аралык биринчи форуму болуп өттү. Форумга дүйнөнүн 20 дан ашык мамлекеттен атактуу акын-жазуучулар, котормочулар, публицисттер катышты. Форумдун негизги темасы – “Дүйнөлүк адабият: стереотиптен арылуу” болду. Ал эми форумдун негизги максаттары катары дүйнө элдеринин адабий-маданий, руханий биримдигин арттырып, алакаларды түзүү, азыркы глобалдашуу, ааламдашуу доорундагы поэзиянын орду, өнүгүү жолдорун чыңдоо аталды.
Кыргызстандан КР Жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков менен жаш акын, котормочу Алмаз кызы Перизат катышты. Бул Эл аралык форум Нур-Султан шаарынын акими, Казакстан Жазуучулар союзу, “Алтын Казына” коомдук уюму менен биргеликте өткөрүштү. Иш-чараны Нур-Султан шаарынын мэри өзү ачып, Казакстандын маданият жана спорт министри Актоты Райымкулова, Испан элинен келген акын Хосе Хусто Пардон, Олжас, Сүлейменов, Аким Тарази, Улукбек Эсдаулет ж.б. сөз сүйлөштү.
Форумда дүйнөлүк адабияттагы салттуулук менен жаңычылдык, автордук укук менен китеп бизнес маселелери каралып, китеп маркетинги, адабият агенттеринин ишин өнүктүрүү, котормо багытын өстүрүү маселелерин талкууланды.
Казакстан Республикасынын Президенти Касым Жомарт Токаевтин жарлыгы менен кийинки жылы Абай Кунанбаевтин 175 жылдыгы белгиленмекчи. Форумда испаниянын атактуу акыны Хусто Хорхе Падро Абайдын 100 ырын испан тилине которо турганы белгилүү болду.
Жаш түрк тилдүү жазуучулар биримдигинин төрагасы Экбер Кошалы менен Перизат Алмаз кызы
Абайдын “Жидебай-Бөрүлү” мамлекеттик корук музейинин окумуштуу кеңешинин чечими менен музей директорунун кеңешчиси, атактуу акын Тыныштыкбек Абдикакимов Кыргыз-Казак адабий-маданий алакаларды жүргүзгөндүгү, Абайды которгон эмгеги үчүн жаш акын, котормочу Алмаз кызы Перизатка “АБАЙ” медалын салтанаттуу түрдө тапшырды.
0 notes
temirlik · 6 years ago
Text
Бул материал Кыргыз маданият борбору сайтында жарыяланган
New Post has been published on http://kmborboru.su/2019/05/15/olzhobaj-shakirdin-adabij-muzykalyk-poeziya-kechesi/
Олжобай ШАКИРдин адабий-музыкалык поэзия кечеси
0 notes
temirlik · 6 years ago
Text
Бул материал Кыргыз маданият борбору сайтында жарыяланган
New Post has been published on http://kmborboru.su/2019/04/09/ch-d-jn-poeziya-kechesi/
«Үч дүйнө» поэзия кечеси
Tumblr media
Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Кыргызстандагы эл-журтка кеңири белгилүү акын, жазуучулардын жана жаш таланттардын поэтикалык кечелеринин сериясын тартуулоону улантууда. Мындай кеченин кезектегиси эл ичинде сүймөнчүлүккө ээ болгон жаш акындар Акбар Кубанычбековдун, Акжол Доранбек уулунун жана Адилет Зарылбек уулунун чыгармачылыгына арналат.
Кече 2019-жылдын 12-апрелинде балдардын жана өспүрүмдөрдүн “Сейтек” Улуттук Борборунда өтөт.
Башталышы саат 17.00, кирүү акысыз.
Кечени белгилүү акын Мирлан Самыйкожо алып барат.
Акбар Кубанычбеков 1992-жылы Ат-Башынын Кара-Суу айылында туулган. “ Периштенин канаты”,”Бир күн” ырлар жыйнагынын автору. Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыктын лауреаты. Кыргызстандын Улуттук Жазуучулар союзунун мүчөсү, телеалпаруучу, мугалимдик кесиптерди аркалайт. Анын «Мурас», «Кыргызымдын кыраандары», «Адам бойдон калгын өзгөрбөй», «Ак жүрөк» жана башка көптөгөн ырларына обон жаралып, эл ичичнде кенири ырдалып жүрөт. А.Кубанычбеков ырларына эң көп обон жаралган акын катары да таанымал.
Акжол Доранбек уулу 1994-жылы Бишкек шаарында туулган. КР Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясын, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетин бүтүргөн. Кесиби экономист-бухгалтер. Кыргызпатентке караштуу интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондусунун кызматкери, эл аралык «Нурборбор» чыгармачылык академиясынын президентинин орун басары. «Күтүүнүн аягы» ырлар жыйнагынын автору.
Адилет Зарылбек уулу 1993-жылы Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Коңорчок айылында туулган. Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин педагогика факультетинин кыргыз тили, адабияты адистигин бүтүргөн. «Кереге өмүр» аттуу ыр жыйнактын автору. К. Орозбеков атындагы жаштар сыйлыгынын ээси. Нур Борбор чыгармачылык академиясынын мүчөсү. Учурда Бишкек шаарынын Ленин районундагы # 72 мектеп-гимназиясында мамлекеттик тил сабагынын мугалими.
Үч акындын үч башка дүйнөсүн чагылдырган бул кече өзүнүн кызыктуулугу, бөтөнчө көркөм мазмууну менен поэзия сүйүүчүлөрдү кайдыгер калтырбайт. Иш чара учурунда акындардын ырлары окулуп, А.Кубанычбековдун сөзүнө жазылган ырлар Кыргыз эстрадасынын жылдыздары Данияр Эрматов жана Мээрим Карыпованын аткаруусунда жаңырат.
0 notes
temirlik · 6 years ago
Text
Бул материал Кыргыз маданият борбору сайтында жарыяланган
New Post has been published on http://kmborboru.su/2019/04/03/zhibek-zholu-j-b-l-l-k-interaktivd-k-rg-zm/
"Жибек Жолу" үй-бүлөлүк интерактивдүү көргөзмө
Tumblr media
0 notes
temirlik · 6 years ago
Text
Бул материал Кыргыз маданият борбору сайтында жарыяланган
New Post has been published on http://kmborboru.su/2019/01/15/gulnazar-keldi-tazhik-akyny/
Гулназар Келди (тажик акыны)
Tumblr media
КУМУРСКА
Дан артынган кумурска жеркампадан дубалда тик өөдө карай барат жылып, Тээ Сулайман доорунан чыккансып… Мен – бекерчи, ал – жапаакеч эмгекчи, оор жүктүү жылып барат, астанамдан көздөгөнү – асман тарап караңгынын түпкүрүнөн күн желеси көктү көздөй тарткандай, көөдөнүмдө жүрөк лак-лак Кумурскадан көз алууга күч калбай күбүрөдүм : “О жараткан! Бу карыптын сапары – оор, зор сапар, күч берегөр, жеткирегөр, колдойгөр!…” Ал аңгыча, Кумурска жарым жолдон оонап түштү, бетаалай! Күн төбөдөн орго кулап түшкөнсүп караңгылык каптай түштү көзүмдү, касыреттен кабыргам чарт сөгүлдү! Турпатымды ыза ширеп, Кумурска эмей өзүм кулап кыялымдын сересинен ылайда калгансыдым… Мен көзүмдү араң ачтым , күч менен- О Жараткан, кайра дагы баратыптыр жүк менен: оор жүктүү жылып барат, астанамдан көздөгөнү – асман тарап, караңгынын түпкүрүнөн күнжелеси көктү көздөй тарткандай…
Эси-дартым ээрчип аны жылып жатты, сабырымдын чаңырыгы бугуп жатты, парасатым терге айланып, чачтарымдын талы сайын чыгып жатты… Шыбырадым: “ О, Жараткан! Б�� карыптын сапары – зор…” Жалынч-келмем жармы чыгып оозуман жарым жолдон кайра дагы оонап түштү кайран кумурскам.
…Кечке таяп, түн жыттанган кез эле, а кумурска убаракеч — коногум. Шорго бүткөн бу шордуунун мээнети маанайымды арман болуп ээледи, көөдөнүмдү көөдөй союл камчылап, көз жаш эмес жүрөктөн кан тамчылап… Ташынган кургурум — ай! Ах, кыярган кыялым менин!..
  МАС БОЛГОНДОГУ ЫР
Жашоо кайда, башка кайда, мен кайда? Арманымды кимге айтам? Башкалар соо мен гана масмын, Башкалар өөдө мен гана пасмын, Кудай урсун, мен гана масмын! Өзүмө кой менин мастык ырымды, Арманым соо, аны билген соолор жок соолор жоктон мен масмын, достор жоктон мен масмын!
Жаракат алсам ыракат алаар сен болсоң, Балекет тапсам берекет табаар сен болсоң, Бир жыргап алчы! Бир жыргап алчы! Не дейин эми? Масмын, тазмын, азмын, жыласмын Ушунчалык масмын — ов, масмын, Кудай урсун, масмын, мен масмын!..
  МААНАЙ
Жаз кулпунат…А бирок бөрткөн гүлдү туурабады жүрөгүм музчеңгелде кала берип бул ирет… Кыялыма кыз илеби серпилген жок ырдаса да ырчы куш ышкын ырын. О Жанегем! Картайыпмын! Да эч кимдин чатагы жок бул муң менен…
  * * *
Уктап жаткан эл ойгонду дооштон Те чекеде, Те шаардын таң сөгүлчү жагында Чоочун доош коңгуроолуу кербен өтүп баратты… Не кербен бу? Чала уйку топ (дүүлүктүрмө собол козгоп) кан жолдогу чаңга жете келишти. Эй! Не кербен бу?
Зарыкты үн: “Напси тоёр жүк артынган кербенби?” Жалооруду дагы бир үн: “Көңүл кушу, жан ырааты келгенби?” Онтоо чыкты өңгөчтөн: “Балким , бул жүк – азаттык?” Аң-таң калган чала уйку топ Сурады бир ооздон: “Азаттык?” “Ичмеликпи?” “Киймеликпи?” Кайра өңгөчтөн онтоо чыкты: “ Азаттык. Болгону ушул.” Аң-таң болгон чала уйку топ Аң-таң бойдон кайра уйкуга киришти…
  ДАРАК СЫРЫ
Бөтөлкөлөр бошогон жерде бошоткондор той болгон жерде тамырларым жыйырманчы албуут кылым кыртышында. Жаш кылымдын жаңы күнү бутактарым кош колдоп тартып туру бүгүн-түндөн келечекки Жашылдыкка. Күрөөмдө ойноп каны кошок жыттуу өткөндүн А башымда аруушоокум үмүт-ою эртеңдин Кабыктарым саар-кечтин бөзүнөн, Мөмөлөрүм жаңы-эскиси аралаш, Бой-турпатым баш-аяктын өзүнөн ымыркаймын, карыямын, тамандамын, асмандамын, жалбырагым желпинип жаңы кылым эпкинине тартмак мени бейпилдиктин мейкинине жетмек анан бейпилдиктин мейкинине… Жаш кылым! Эй, жаш үмүттүн ак бешиги! Апаат күздө чачылтпачы бариктерим, Арам бутка басынтпачы данектерим, Күнөөлөргө кабылтпачы, күнөөлөргө… Тамырларым жыйырманчы албуут кылым кыртышында каныма түс берген гүл да ЖЫЙЫРМАНЫН тулкусунда!
Тажик тилинен кыргызчалаган ШААМЕРЧЕМ
0 notes
temirlik · 7 years ago
Text
Бул материал Кыргыз маданият борбору сайтында жарыяланган
New Post has been published on http://kmborboru.su/2018/09/18/anzhyyandyk-kyrgyzdardyn-tm-sh-n-bir-nazar-alymkul-atalyktyn-zhana-musulmankulbijdin-taryhtagy-rolu-b-g-nk-abaly/
Анжыяндык кыргыздардын өтмүшүнө бир назар: Алымкул аталыктын жана Мусулманкулбийдин тарыхтагы ролу, бүгүнкү абалы
Tumblr media
Анжыян аймагы, анда жашаган элдердин, анын ичинде кыргыздардын тарыхы көп кырдуу окуяларга, мамлекетке жана элге кызмат кылган тарыхый инсандарга бай экендигине көөнө тарых өзү күбө. Тарых издери «Капка бекитилген шибегедей» кайсы бир күнү жарыкка чыгат экен. Аймактан чыккан улуу тарыхый инсандарыбыз Алымкул аталык жана Мусулманкулбий сыяктуулар. Бул эки инсан бир атанын балдары болушуп, жашаган доорлору өлкөнүн келечегин аныктап турган, замандын оюш-кыйыш курч саясий окуяларды камтыган мезгилге туура келет. Куштун эки канаты сыңары бул азаматтар, бир ойдо, идеяда өлкөнүн көз карандысыздыгы үчүн, элдин кызыкчылыгы үчүн күрөшкөн. Экөөнүн кыргыз өтмүшүндөгү ролу жана жасаган иштери, мүдөөлөрү диалектикалык байланышта болуп, бирин бири коштоп турат.
Алымкул аталык боюнча кененирээк изилдеген өзбек окумуштууларынын эмгектери (Анжыян мамлекеттик университетинен, профессор Р. Шамсутдинов) жарык көрүп, илимий-практикалык конференциялар өткөрүлүп, талкууга алынып, материалдар элге жайылтылган. Окумуштуу Р. Шамсутдинов «Алымкул аталык» темасына байланышкан илимий эмгектеринин библиографиясы өтө бай, Кокон хандыгы доорундагы жазып калтырылган материалдарды, тарыхый булактарды камтыйт, Алымкул аталыктын тарых-таржымалы, жасаган иштери, бийликке кандай келиши, Орусия падышачыл баскынчылары менен күрөшү, хандыктагы бийлик төбөлдөрү, бийлери менен болгон мамилелери, алардын айрымдары эмне себептен жазалангандыгы тууралуу маалыматтардан турган, 2001-ж.ж.. Ташкент шаарында басмадан чыккан «Ёлкин» («Жалын», 2014-ж.ж.. кыргыз тилине которулган, демөөрчүсү Акматов Мамасалы) деген тарыхый романында кеңири чагылдырылган.
Казак туугандардан изилдөөчүлөр (Абдырахман Отеген) Алымкул аталыктын туулган жерине, бүгүнкү Анжыян облусунун Коргон-Төбө районун Дыйкан-Чек массивинин Таштак (эскертме: айрым булактарда аталыктын туулган жери Жала-Кудук районунун Исанов айылы деп ката жазылып калган) жана Токтогул айылдарына келип, урпактары менен жолугушуп, маалыматтарды топтоп эмгектери жарык көргөн (Мис., Абубекир С. «Коканнын сонгы ханы — кыпшак Алимкул Хасанби (Амирлашкер)».-Б., 2016.) жана аларда Шымкент облусунун босогосуна Алымкул аталыктын эстелигин куруу демилгеси көтөрүлгөн.
Кыргызстанда Алымкул аталык тууралуу окумуштуулар Т. Кененсариев, Т. Топчуев, К.Молдокасымов, Б.К. Абытов, Т.Н. Омурбеков, Б. Адылбекова ж.б. илимий эмгектери, макалалары бар. Окумуштуу Т. Кененсариев «Еще раз об Алымкуле лашкер башы» (2016-ж.ж.., 7-ноябрь) деген илимий макаласында Алымкулдун тарыхтагы ролун жогору баалап, төмөнкүдөй жазат: «Алымкул Лашкер башы стоял в государственной должности Кокандского ханства около семи лет, точнее с 1858 г. до его смерти в 1865 году. Сначала был в партии Малабек хана (1858-62). Во время смуты 1862-63 годов он смог проявит себя умным правителем и успешным военоначальником, который сумел сохранить независимость Кокандского ханства от Бухарского Музаффара. После изгнания бухарского эмира с пределов Ферганы 9 июля 1863 года был проведен в Жармазаре, в окрестностях Маргелана, судьбоносный курултай, который вернул Кокандское ханство в норму существующей традиции и тем самым была сохранена былая государственность народов Ферганской долины, Ташкентского оазиса, Южного Казахстана и Кыргызстана. На том курултае была собрана народная масса в 5-10 тыс. чел., в том числе известные государственные мужья и родоправители Маргелана, Андижана, Оша, Коканда, Шахрихана, Намангана, Чуста и других земель.
По данным «Тарих-и Фаргона» Исхаккана Жунайдулла Ходжа оглы (Ибрата) и других источников, в курултае участвовали много народ и знаменитых личностей. Алымкул лашкер башы проявил щедрое гостеприимство. Всем участникам было распределено множество халатов и других подарков. Курултай продолжался около 3-4 часов. В конце Алымкул обратился к присутствующим и напомнил им, что “все беспорядки в ханство происходили из-за того, что население государства не признает единого государя – хана. Поэтому мы должны признать одного избранного человека в качестве законного государя”. Тогда один из известных улама из Коканда Зиявуддин Магзум встал и предложил стать ханом Коканда Алымкулу лашкер башы. Однако Алымкул, уважительно отклонив это предложение, указал по традиции избрать ханом человека из ханского рода. После долгого обсуждения курултай остановился на кандидатуре Султан Сейита, сына Малабека. Фактически, и Алымкул тоже думал о нем. После этого Султан Сейит был провозглашен ханом, с поднятием на белом войлоке». Автор өзүнүн эмгектеринде Алымкул аталык өз заманын бир эле зор эл башкаруучусу, колбашчысы гана эмес, келечекти көрө билген Кашкар, Бухара эмирлиги хандары, Орусия падышачылыгынын өкүлдөрү ж.б. менен дипломатиялык сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн акылман дипломат болгонун белгилейт.
Ал эми окумуштуу-тарыхчы Б.К. Абытов (2018-ж.ж.. 18-май) «Алымбек Датка жана Алымкул аталык: соратники в политике или непримиримые конкуренты» темадагы илимий макаласында: «Однако по авторитету, масштабу деятельности и политическому весу в ханстве, среди населения и поддерживающих этнополитических сил Алымкулу аталыку было далеко до уровня Алымбека датки», — деп мүнөздөп, жазат.
Кыргыз, орус, өзбек жана казак окумуштуулары зар какшап кыргыздан чыккан лашкер башы Алымкулду бир эле кокон хандыгынын калкынын эмес, Арто Азия элдеринин көз карандысыздыгы, эркиндиги үчүн, Орусия падышачылыгынын басып алуу аракеттерине күрөшүп курман болгон колбашчы, баатыр-тарыхый инсан экендигин баалап жатышса, бизде ал инсанды саясий интригалардын терс каарманы катары көрсөткөн бүдөмүк ойлор, пикирлер да жок эмес.
Кыргызстанда «Алымкул аталык» темасы коомубуздун кыска чөйрөсүндө илимпоздордун изилдөөсүндөгү жана полемикасынын чордонундагы объект катары каралып, чектелип турат. Алымкул аталыктын тарых-таржымалына, анын бейнеси, тарыхтагы ролу жөнүндө кеңири калк катмарында тегерек стол, диспут ж.б., илимий чөйрөдө талкууга алынган конференциялар ж.б. уюштуруу иштери жетишерлик деңгээлде жүргүзүлө элек. Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында Ош шаарынан маркум журналист агабыз Сабыр Буркашев Алымкул аталык бир эле Кокон хандыгынын эли эмес, бүтүндөй Орто Азия элдерин, жерин Орусия падышачылыгынын басып алуу аракеттерине каршы чыгып курман болгондугу, ал инсандын тарых-таржымалына өкмөт тарабына көңүл бөлүп, коомчулукка жайылтуу өтүнүчү менен өзбекстан Республикасынын Президенти И. Каримовго кат менен кайрылган. Же болбосо Алымкулдун урпактары кыйын чыкпай калдыкпы…?, ал инсанга айкел тургузуу ойлорубуз акебиз жазган катына жооп болбогондой, орустар айткандай «крик души» бойдон турган кезеңи.
Албетте, Анжыян кыргыздарынын өтмүшүнө кайдыгер карабаган мекенчил инсандарыбыз да бар. Алардын бирөө «Доор аяны» телеберүүсүнүн алып баруучусу, журналист Султан Абдырахманов. Ал киши өзбекстан чек аралары жабык болуп турган кезде, өз демилгеси менен өзбекстанга жол таап, Анжыян облусунун Коргон-Төбө районуна келип, элге жасаган эмгеги менен даңазалуу, Жалал-Абад шаарын негиздеп, өсүп өнүгүшүнө чоң салымын кошкон Мурзакул болуштун урпактары менен жолугуп, Алымкул аталык боюнча материал даярдап, атайын телеберүүгө чыгарган.
Анжыян аймагынан чыккан дагын бир эр азаматтарыбыздын бири Мусулманкулбий. Кокон хандыгынын тарыхында эки Мусурманкул деген ат кездешет. Биринчиси айтылуу миңбашы, аталык Мусурманкул, экинчиси 1871-74-ж.ж. (эскертме: 1973-76-ж.ж. «Кокон көтөрүлүшү», «Полотхан көтөрүлүшү» деген ат менен тарыхта орун алган) Кокон хандыгында элдик көтөрүлүштүн башчыларынын бири Мусулманкулбий. Экоо тең анжияндык кыпчактардан деп айтылат. Тарыхта калган бул адамдардын образдары залкар жазуучу Тологон Касымбековтун «Сынган кылыч», «Кел-кел» тарыхый романдарында чагылдырылган. Бүгүнкү күндө бул инсандын тарых таржымалы, бейнеси толук изилденбегени байкалат.
Мусулманкулбий аралашкан тарыхый окуяларга көңүл бура турган болсок: 1860-70-жылдардын аралыгында Орусия падышачылыгы Орто Азияны Ташкент шаарына чейин басып алган, анын натыйжасында Кокон хандыгынын аймактары тарып, казынага түшө турган кирешелер кескин түрдө кыскарган. Казынаны толуктоо максатында Кокон ханы Кудаярдын буйругу менен элге кошумча салыктар салынган. Салыктардын оордугунан, хандын ырайымсыздыгынан эл кедейлешип, оор абалда жашап калган. өлкөдө саясий абал да начар абалда болгон. 1865-ж.ж. Кудаярхан үчүнчү жолу такка отургандан кийин кыргыз, кыпчак жааматтын бийликтен четтетип, алардын кыжырдануусун пайда кылган. Анын натыйжасында кыргыз-кыпчак бийлери башында турган ханга каршы элдик толкундоолорго алып келип, көтөрүлүштөр чыккан. 1872-жылы кыргыз-кыпчак бийлери ханды алмаштыруу максатын көздөп Самаркандан Алим хандын (1800-1809-ж.ж. Кокон ханы) уулу Ибрагим бектин баласы Полотбекти тандашат да, аны хан көтөрүү менен Кудаяр ханга каршы күрөшүүгө чечим чыгарышат. Полотбек көнбөй койгондон кийин Самарканддан кайткан кутлук-сейит Шер датка, кыргыз-кыпчак Мусулманкулбий жана найман Мусабек бий Ташкентте курамалык Абдымомундун үйүндө конуп калышат. Анын үйүндө жүргөн Полотбекке окшош Исхакка өтө көңүл буруп калышат. Шер датка менен Мусулманкул бийдин “Хан” болуп көтөрүлүштүн жетекчиси болуп берүү сунушуна Исхак макул болот. Коноктор Исхакты алып Наманган тарапка аттанышат. Ташкендеги болгон жолугушууну-окуяны өзбек тарыхчысы Хайдарбек Бобобеков (“Исён” илимий макала, Шарк юлдузи” журналы (1989жыл, 11-саны) төмөнкудөй жазат: “Мусулманкул деген кыргыз-кыпчак уруштан (эскертме: хандын жазалоочу желдеттери менен болгон уруштан) качып, бир канча кыргыздар менен кеңешип канзаада табуу үчүн Бухарага (эскертме: башка булактарда Самарканд) Полотхандын алдына барышат. Полотхан кабыл кылбаптыр. Андан түңүлүп, үргөнчкө Махамад Алихандын уулу (Кокон ханы – 1822-42-ж.ж.) Муззафархандын алдына барып, калк биригип сизди ата тактынызга отургузууга патаа окуп, бизди жөнөтүштү, бүтүн калайык сизди күтүп, муктаж болуп турат дешти. Муззафархан: “Сиз кыргыз калкынын акыбетиннер жок, Каландархан акамды да алып барып, Мургзар кыштагында өлтүрүп койдуңар, Алхамдулилло авкот бахузур”, — деп жооп айтат.
Мусулманкул аргасыздан Ташкентке келди. Мухсинбай уулу Абдулмомундун үйүнө конду. Анда молдо Исхак деген кыргыз бала Номдонг деген жерде насыпай сатуучу экен. Абдулмомун (Мусулманкулга кайрылып): “Эй, акмак кыргыз, ушул кыргыз баланы Полотхан деп алып барсаң, иш жүзүнө ашканда Бурхон-Тохур”, — деп айтат экен. Мусулманкул макул болуп, ошол кыргыз баланы алып, Аблиг үстүнү ашып, Чуст үстүнө келип кошунга кошулду. Кыргыздар сүйүнүп, маареке өткөзүп, ак кийизге салып хан көтөрүштү». (өзб. ИА Чыгыштаануу институту, қол жазма, инв. № 3753, 156—158-беттер)”.
Маалыматтарга караганда 1873-жылы жаз айларында Шер датка, Мусулманкул, Мусабек, Сулайман удайчы жана Абдымомундун коштоосунда Искак-Полот бек Ала-Букага келет. 1873-жылы жайында 29 жаштагы Искак «Полот хан» деген ат менен Аксынын Сафид-Буланында, кийизге салынып хан көтөрүлөт. Көтөрүлүштүн жүрүшүндө Абдымомун, Мусулманкул сыяктуу бийлер түздөн-түз же��екчилик кылышты. Чартак беги Кедейбай датка менен Жаңы-Коргондун беги Алимдин жазалоочу отрядын Сафид-Булан менен Ала-Буканын ортосунда талкалайт. Бирок Кокондон жазалоочу аскерлери менен чыккан Абдырахман аптабачы начар куралданган көтөрүлүшчүлөрдү Аксы, Ала-Бука , Чаткал тарапка чегиндирет.
1874-жылы июль айында Искак-Полот хандын айланасына көптөгөн кыргыз, кыпчак уруулары, өзбек дыйкандары көтөрүлүшкө кошулат. Тарыхчы Кушбек Үсөнбаев көтөрүлүштүн жүрүшүн төмөнкүдөй мүнөздөп: (Присоединение Южной Киргизии к России. Фрунзе, «Киргосиздат», 1960., 69-б.) «1874-жылы июлда чаткалдык кыргыздар көтөрүлдү. Алардын башында Мусулманкул (Кокондун мурунку лашкери кыргыз Алымкулдун тууганы) жана Полот хан турушту. Мусулманкул Момунду, башкача айтканда бир кезде Полот хан үйүндө кызмат кылган курамалык Абдымомун аталыкты Кудаяр ханга каршы көтөрүлүшкө макул кылдырды» деп жазат. Т. Кененсариев “Кыргызстандын Орусияга каратылышы” (- Б., 1997.) эмгегинде Мусулманкулга тиешелүү бардык пункттарда эскертме катары Алымкул аталыктын жакын тууганы экендигин көрсөтөт.
1874-жылдын 1-августуна чейин Сафед-Булан, Чартак, Жаңы-Коргон чептери алынды, Касан шаарын жана чебин Полот хандын колу согушсуз ээлеген. Полот хандын кошууну Намангандан алыс эмес Төрө-Коргон чебин талкалап, Наманганга жүрүш жасоого даярданып туруп калды. Кудаяр хан жакшы куралданган, Абдрахман аптабачы башында турган жазалоочу аскерин жиберди. Абдырахман аптабачы менен көтөрүлүшчүлөрдүн жашыруун сүйлөшүүлөрү жүрүп жатты. “Пулат-хан” тарыхый повестинде (Газиев А. Пулат-хан. Историческая повесть /Ред.-сост. В. Воропаева. Бишкек, 2010.) бир сүйлөшүүнүн мазмуну төмөнкүдөй сүрөттөлөт: «Афтобачи был мрачен как никогда, ему не хотелось сражаться с восставшим народом. В то же время он понимал в случае неудачи хан не пощадит его. Надо одержать победу. Один из главарей повстанцев, Мусульманкул направил ему письмо. «Сынок,- писал он: -Твой отец Мусульманкул был подло казнен проклятым Худояром. Неужели ты забыл об этом? И вот я, тоже Мусульманкул, такой же кыпчак, как и ты, говорю тебе: брось собаку Худояра и переходи к нам». Автобачи прочел, поиграл желваком и бросил письмо в огонь» (119-бет.).
Төрө-Коргон алдында катуу салгылашуу болуп, көтөрүлүшчүлөр жеңилип, көп адам колго түшөт. Автор Бобобеков Х. төмөнкүдөй жазат: “Төрө-Коргон айланасында салгылашуу болду. Бул салгылашууда “Мусулман кыргыз” курман болду, 300гө жакын кыргыз колго алынды, Полотхан тоого качты, башчылардын бири болгон Момун Чаткалга кайтты жана ошол жерде орус аскерлери тарабынан колго алынды” (“Исён” илимий макала, Шарк юлдузи” журналы (1989-жыл, 11-саны). “Пулат-хан” тарыхый повестинде төмөнкүдөй айтылат: “Мусульманкул был убит. Обьезжая поле битвы, Автобачи опознал труп Мусульманкула и велел похоронить с почестями, как батыра. Остальные тоже спещно захоронили во избежании распространение заразы от разлагающихся трупов”(121-бет). Демек, Мусулманкулбий 1874-жылы август айында Төрө-Коргон алдында cалгылашууда өлгөн. Көтөрүлүштүн жүрүшү кийин күч алып, Орусия падышачыл баскынчыларына багытталып кеткендигин тарыхый маалыматтардан бизге белгилүү.
Мусулманкулбий Алымкулдун жакын тууганы экендигин илимий булактардан сырткары элдик санжыраларда да жолугат жана Алымкул аталыктын жакын туугандырынын урпактарынын бири – ОшМУда профессор И.Г. Кенжаевтин, Мусурманкулдун түздөн түз урпактарынын бири Анжыяндын Коргон-Төбө районунун Токтогул айылынын тургуну Ювашев Сыдыктын маалыматтары бекемдейт. Алымкул аталык менен Мусулманкулбийдин туулган жери азыркы Анжыян облусунун Коргон-Төбө районуна караштуу Таштак айылы эсептелет. Илгертен «Алымкулдун таштагы» деп аталчу экен. Ал жерде бүгүнкү күндө Алымкул урпактары Ташматтын балдары жана жакын туугандары жашайт. Тарых иликтөөчү Гыламидин Абдрахмановтун «Улуу Эл урпактары» (2015-ж.ж.., Бишкек ш.) деген китебинин 2-бөлүмүндө Кыргыздын кыпчак уруусунун санжырасында, анын ичинде таз уругунун таралыш-таржымалында Алымкул аталык менен Мусулманкулбийдин санжырасы, урпактары дээрлик толук бойдон көрсөтүлгөн. Таз уругунун Эрке сары бутагынан «какшык», «шилекей» жана «карынчы» топторунун урпактары Анжыян Коргон-Төбө районунун Таштак, Токтогул айылдарында жана Жалал-Абаддын Сузак районун Комсомол айылдарында, Бишкек шаарында бар.
Ювашев Сыдыктын айтуусу боюнча: «Биз Алымкул аталыктын бир тууганы Сары дегенденбиз, Сарынын баласы Мусулманкулбий, андан эки уул Молдо Садык казы жана Дөүт, Дөүттүн баласы Жоош – менин чоң атам. Атам Эшбайдын айтууларына караганда бабавыз Асанбий Анжыян айланасында кыргыз-кыпчактардын бийи катары элге кызмат кылган экен, анын өзү жашаган Таштак айылында «зынданы» болуп, ал зындандын тарыхый орду бар. Анын баласы Алымкул жана небереси Мусулманкул кыйын чыгып, аларда мамлекетке, элге кызмат экен. Алымкул Мусулманкулду дайыма бирге алып жүргөн, Ташкендин алдында Алымкул душман огунан оор жараат алып жатып калганда, алдына жакын туугандары Метер паңсат менен Дос (кийинчерээк ажы болгон) кирет, аларга «орус эми басып алат, балдарым Ташматты, Эшматты таап Кашкардын ханы Жакыпбек Байдөөлөттүн алдына кеткиле»— деп керээзин айтып жан берет экен. Мусулманкул Кокон ханы Кудаярга каршы чыгып, бүтүн журтту көтөрөт. Намангандын Төрө-Коргон деген жеринде өлөт. Көтөрүлүшчүлөрдүн башчысы Мусулманкул өлгөнүн уккан Абдырахман аптабачы кейип, өкүнүп: «кыргыз кыпчактын дагын бир кыйынын өлтүрүп алдым» деген экен. Мусулманкулдун чоң уулу Молдо Садык казы жаштайын зирек болгондуктан, аны Кокондогу чоң медресеге окутушат. Акылы тың, чыйрак чыккан баланы эр жетип калган кезинде мударистердин бирөөсү атаң Кудаярханга каршы чыгып согушуп жүрөт, сен биз менен калгын, сага ушул жерден кызмат беребиз дешет. Садык көнбөстөн Кокондон кетүүнү чечет. Кайда барасың? — деп сурашса, туугандарыма барам деп чыгып кетет экен. Мусулманкулдун баласы Кокондо экендиги Кудаярга жетип, аны өлтүрүү үчүн артына желдеттер жөнөтүлөт. Язаван деген жерде желдеттер менен кармашып, бирөөсүн өлтүрүп, Садык качып кетет. Андан нары түз эле ата-жайына, бир тууганы Дөүттүн алдына Таштакка келет экен. Иниси Дөүт аны үйлөп-жайлап жардам берет. Кийинки убактарда Токтогул айылында (мурдакы Шамалбак участкасында) жашап, Мурзакул болуш доорунда аймагыбыздын казысы болуп, болуш ата менен бирге элди башкарат экен. Молдо Садык казыга тиешелүү болгон казылык мөөрү, вакф кылынып берилген жерлердин кагаздары совет доорунда кыйла сакталып турду».
Алымкул аталык менен Мусурманкул бийдин санжырасы
Жогорудагы маалыматтарга саресеп сала турган болсок: Алымкул аталыктын тарых таржымалы, бейнеси тууралуу эмгектерди, булактарды элге кеңири жайылтуу, сиңирүү максатында мамлекеттик органдарда, илим изилдөө борборлору бар тармактарда, тарых багытындагы адистиктерде ЖОЖдордо, массалык-маалымат каражаттарында ж.б. комплекстүү пландардын алкагында иш-чараларды жүргүзүү зарыл; Кокон хандыгынын негизги калкы болгон кыргыздардын, өзбектердин жана казактардын ошол убактагы мамлекеттүүлүк көз карандысыздыгы үчүн күрөшкөн Алымкул аталыктын мамлекеттик ишмердүүлүгү, тарыхтагы ролу алкагындагы маалыматтарды жайылтуу жаштарды мекенчилдикке тарбиялоодо, Кыргызстан, Казакстан жана өзбекстан элдерин достук, биримдик мамиледе болууда чоң рол ойнойт; Мусулманкулбий Кокон хандыгында ханды алмаштыруу үчүн аракет кылган жана чечүүчү рол ойногондордун бири болгондуктан, ал бир эле уруунун бийи катары эмес, өз мезгилинде Кокон өлкөсүндө жогорку деңгээлдеги таасирдүү фигуралардын бири болгон; Мусулманкулбий кыргыз кыпчак урууларын, өзбектерди, тажиктерди камтыган көтөрүлүштүн активдүү башчыларынын бири болгондуктан, ал этностук курамы ар түрдүү болгон — жалпы элдин кызыкчылыгы үчүн күрөшкөн инсан; Мусулманкулбийдин тарых таржымалы, бейнеси терең изилденип кыргыз тарых барактарында татыктуу орун алуусу абзел.
Улан Чотбаев, ОшМУнун юридика факультетинин бүтүрүүчүсү, 5 илимий макаланын автору, Москва шаарында эмгектенет.
0 notes
temirlik · 7 years ago
Text
Бул материал Кыргыз маданият борбору сайтында жарыяланган
New Post has been published on http://kmborboru.su/2018/06/10/karegimde-r-kzar-chygarmachylyk-kechesi/
“Карегимде Өрүкзар” чыгармачылык кечеси
Tumblr media
«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Улуттук Филармония менен биргеликте Кыргызстандагы эл-журтка кеңири белгилүү акын, жазуучулардын жана жаш таланттардын поэтикалык кечелеринин сериясын тартуулоону улантууда. Мындай кеченин кезектегиси эл ичинде сүймөнчүлүккө ээ болгон жазуучу, КР Ардак Грамотасынын жана эл аралык бир канча сыйлыктардын ээси Топчугүл Шайдуллаеванын чыгармачылыгына арналмакчы.
“Карегимде Өрүкзар” чыгармачылык кечеси 2018-жылдын 14-июнунда Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук Филармониясынын кичи залында өтөт. Кирүү акысыз.
Топчугул Шайдуллаева өрүкзарлуу Баткендин Кара-Булак айылында төрөлүп, бой тарткан. Кесиби журналист, социолог, социология илимдеринин кандидаты. Мектепте окуп жүргөн жылдары эле анын макалалары, ырлары райондук (“Кызыл туу”), облустук (“Ленин жолу”) гезиттерине, “Кыргызстан пионери” гезитине жана “Жаш ленинчи” журналына басылып чыккан.
Алгачкы “Жан шерик” аӊгемелер жыйнагы 2000-жылы жарык көрүп, ал ошол “Жылдын эӊ мыкты китеби” деген сыйлыкка татыган. Андан кийин 2006-жылы “Ташка чыккан гүл”, 2008-жылы “Акылкасас”, 2011-жылы “Всему свое время”, 2017-жылы “Кызыл өрүк” китептери жарык көргөн.
Т.Шайдуллаеванын аӊгемелери өзүнүн кичине көлөмүнө чоң ойду батыра алгандыгы менен айырмаланат. Ал КР Жазуучулар, Журналисттер союздарынын жана Эл аралык жазуучулардын ПЕН клубунун мүчөсү, КР маданиятынын мыктысы, Баткен районунун ардактуу атуулу.
“Карегимде Өрүкзар” чыгармачылык кечеси Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз Академиялык драма театрынын артистеринин аткаруусундагы сценкалар менен коштолот.
Кечени акын Мирлан Самыйкожо алып барат.
0 notes
temirlik · 7 years ago
Text
Бул материал Кыргыз маданият борбору сайтында жарыяланган
New Post has been published on http://kmborboru.su/2018/05/21/erkaly-sk-naliev-ene-til-kajryktary/
Эркалы Өскөналиев: ЭНЕ ТИЛ КАЙРЫКТАРЫ
Tumblr media
(поэма)
Өмүр чиркин, өтпөй кантип турбасын, Көз сүзүлүп, көргө кирет бир башың. Бала-чакаң жоктоп сени ошондо, «Атакелеп!» кыргыздарча ыйласын!
  Жандүйнөмдү жаркыраткан, агарткан, Жалгыз гана Кыргыз Тилге сыйынам. Жашоо-турмуш титиретип үшүтсө, Жалынына ушу тилдин жылынам.
Кыргыз Тилде кызык кепти сүйлөшсөм, Кыдыр даарып жолум шыдыр ачылат. Күн өрттөнүп, таш куйкалап турса да, Чаңкоом канып, ��уусаганым басылат.
Куу турмушуң кууратканда жүдөтүп, Кыргыз Тилим кол булгалап чакырат. Жашымды аарчып жаагым ылдый куюлган, Жарпым жазып, жардам берет батыраак!
Эне Тилим энекемдей үйрүлүп, Кут төгүлгөн дасторконун жайнатат. Куурап калган бутактарым гүлдөшүп, Мөлтүрөгөн мөмөлөрүн байлашат.
Кыялданып бак аралап баратсам, Куштар дагы кыргызча так сайрашат. Кыргыз көйнөк кийинишкен кыздардай, Кызгалдактар жан-жагымда жайнашат.
Тээтетиги жашыл дөңдө жайылган, Козу-улактар кыпкыргызча маарашат. Эх, досум ай! Эшектер да атургай, Өз тилинде айкырганды каалашат!
  * * *
Кудуреттүү, кереметтүү, канаттуу, Кыргыз Тилдей тил жок жарык дүйнөдө. Кудай мени кыргыз кылып жараткан, Кыргыз Тилин мүмкүн эмес сүйбөөгө!
Кыргыз Тилдин кудуретин карачы, Кылымдарга кылчайып көр азыраак. Жаактуулар “Манас” айтып жатканда, Жамгыр төгүп жиберчү экен шатырап!
Улуу тилге Жер-Асман да багынып, Улуп бороон, уук-кереге качырап. Кар жаачу экен таңгалдырып жайында, Коломтодо от күйчү экен чатырап!
Билбейм башка кудуреттүү тилди мен, Кыргыз Тилге ийик сыяк ийрилем. Жылуу-жумшак сөз сүйлөшүп кыргыздар, Жыланды да чыгарышкан ийнинен!
Аталарым сөз сүйлөшүп олуттуу, Токтотушкан уруш-чабыш, согушту. Аксакалдар ак бата арнап сүйлөсө, Баласыздар балалуу да болушчу!
Айланайын Кыргыз Тилим күчүңдөн, Акынсынам сен бардыгың үчүн мен. Аталарым айбарлуу сөз агытып, Асманда учкан кушту жерге түшүргөн!
Тил жок биздин тилибизге теңешчү, Жүрөгүмдөй бул тил мага керектүү! Эй, Култегин! Жан дүйнөңдө жашаган, Кудай тили – Кыргыз Тили эмеспи!
Кереметтүү, кудуреттүү, сыйкырдуу, Укпаптырмын бөтөн дагы тил барын! Миң жыл бою комуз чертип, кыйкырып, Кыргыз Тилин келет даңктап ырдагым!
Жаздай сулуу, жай түнүндөй жылдыздуу, Эне Тилдей тил жок аалам койнунда. Көз сүзүлүп көргө башым киргиче, Кыргыз Тилин сүйүү парзы мойнумда!
Курсагынан түшкөндө эле энемдин, Сүтү аркылуу Эне Тилин эмгемин. Ошондуктан, «ата тил» деп атабай, Эң жогору баалайм Эне эмгегин!
Кыйшаңдашып Кыргыз Тилин чангандар, Энелерин сыйлабаган айбандар! Эмген сыяк орус катын эмчегин, Буруу тилге аргындашып алгандар!
Жүзү кыргыз, жүрөгү орус дөдөйлөр, Кыргыз Тилин дагы далай өгөйлөөр… Кыргыз Тилге кыянаттык кылышып, Кылыч шилтеп келишет чоң сөрөйлор!
Жаштар жайнайт дүнүйөгө кул болгон, Жашоо Мүдөө – жалаң Акча пул болгон. Маңкуртбектер, Маңкуртгүлдөр болгуча, Жакшы эмеспи жайыттагы уй болгон.
Ушулардын мээси иштесе кичине, Кыргыз Тили кирет эле түшүнө. Түндүктөрүн түшүрө чаап кыйратып, Түкүргүлө киргиздердин жүзүнө!
Депутаттар, министрлер, кыргызча, Тамтаңдашып чалды-куйду сүйлөшөт. Жарымы орусча сүйлөп жаткан сөздөрү, Жарылдашып эл-журтка акыл үйрөтөт.
Татынакай, сулуу тилди булгаган, Такайлардан жакшылык жок кыргызга. Таасын айтып так билдирип оюңду, Тайгаланбай, таза сүйлө кыргызча!
Орус тили – эл аралык тил дечи, Эне Тилди андан артык баалаймын. Англис тил – дүйнөлүк тил болсо да, Ала-Тоолук тилде бакыт-таалайым!
Кыргыз Тилин сүйбөгөндөр кыйшаңдап, Кыргызстанды сүйүп деле жарытпайт. Кыргыздар көп киргиздерге айланган, О, буларды даарыласаң айыкпайт!
Эне Тилин сүйбөгөндөр чынында, Элин-журтун сүйүп деле жарытпайт. «Маа демектен кыргыз эртең мал болсун!» Маңкурттардын кабыргасы кайышпайт.
Мамлекет башкарышып жаткандар, Мамлекет тилин сүйүп жарытпайт. Мамлекет тилин жактап, сүйгөндөр, Мамлекет саясатын аныктайт.
  Мамлекет тилин жерип чангандар, Мекенин да мээнип сүйө алышпайт. Мээси таза мекенчилдер чыныгы, Мамлекет тилин жерип чанышпайт.
Кыргызстандын жер-суулары, абасы, Кыргыздардын жан-канына барабар. Киши тургай мамлекет тилинде, Сүйлөп турсун тоолор жана талаалар!
Адам тургай сүйлөп турсун кыргызча, Ак калпакчан айыл-кыштак, калаалар. Бак-дарактар, жайма базар, дүкөндөр, Баары ушунун жан-канына барабар!
Бакылдашып Кыргыз Тилде сүйлөшсүн, Бала бакча, мектеп, окуу жайлары. Конок үйлөр, жолдор жана көчөлөр, Койчу баары, Кыргызстан аймагы!
Мекемелер жазып-сызсын кыргызча, Мээ чаңдатпай орус элдин тилинде. Кыйынсынбай чоочун тилде чулдурап, Кыргызча эле сүйлөчү эй, үйүңдө!
Өбүшсөңөр өбүшкүлө кыргызча, Сөгүшсөңөр мейли өзүңдүн тилиңде. Түн ичинде жарык төккөн чырактай, Эне Тилиң күйүп турсун дилиңде.
Уккула эй, уйкудагы кыргыздар, Уул-кызыңа канат тагып күүлөткүн! Узун акыл тилеп бала-чакаңа, Улуу Кыргыз Тилин таасын үйрөткүн!
Узап кеткен кылымдарга кылчайып, Улуу Ырыбыз бардыгына шерденем. Кыргыз Тилин билип деле кыйратпайт, Өмүрүндө «Манасты» ачып көрбөгөн!
Аталарым сөз учуруп дембе-дем, Асмандагы жылдыздарды сермеген. Арабызда айланбаштар көбөйдү, Атан төөдөй сөзгө маани бербеген!
Күмүш ээк карыялар калган жок, Улуу Сөзгө уккандарды уюткан. Ой чубасам, бирок, менде арман жок, Ошол Отко жүрөгүмдү жылыткам!
Кыргыз-Ата тилин жакшы билбесең, Какап-чакап, онтоп, араң сүйлөсөң. Кыргыз элге чыккынчылык кылганың, Кыргыз-Ата уулу эмессиң анда сен!
Эне Тилин жарытылуу билбесең, Элдир-селдир, эптеп-септеп сүйлөсөң. Кыргыз элге кыянаттык кылганың, Кыргыз-Эне кызы эмессиң анда сен!
Кыргыз Тилди сөөмөй кезеп тилдесең, Кыжырланып сөгүп-сагып, жиндесең. Кызыталак кызматыңа чиренбе, Ким болсоң да киши эмессиң, анда сен!
Эне тилди бузуп, булгап сүйлөсөң, Эл-Журтту ага каршы үгүттөп, үндөсөң. Кызсыңбы же эркексиңби баары бир, Кыргыз элдин душманысың, анда сен!
Бөтөн калктын көчүктөрүн жалаган бөлтүрүктөр чыгат экен арадан. Башка тилди кемсинтпеймин, а бирок, Басмырлаба өз тилиңди, садагам!
Орусия көзүн дале караган ооматтуулар тилибизди аяган жок кылайып! Мына ушу дөбөттөр, Кыргыз Тилди жаман аңга камаган!
Эне тилим үчүн далай ыйладым, Жүрөгүмдү жүз мертебе кыйнадым. Өрттү кечип, сууга түшө беремин, Өз тилиңе камчы үйрүбө, урганым!
Атаганат, татаал адам турмушу, Алмустактан[1], бир ташы кем дүйнө ушу! Кыргызстан кыр аша албай кыйраңдайт, Кыргыз Тилдин жанмайынча жылдызы!
Кыргызым ай, качан күйөт жылдызың, Кыргыз болбой баратышат, уул-кызың… Кайран тилге калкан болор калдайган, Кайып болду Түгөлбайың, Чынгызың.
Кыргыз үчүн кынсыз кылыч байланган, Кайтып келбейт Касымбеков Төлөгөн. Кыргыз болбой баратабыз кыйлабыз, Кыргыз болуп туулсак да энеден!
Гезит жана радио, теледен, Кыргыздар көп орус сөзүн элеген. Алибетте, бул учурда кубанам… А бирок да кыйрап уук-керегем,
Ушуларга жиним кайнайт кайрадан, Атка окшоймун чунаңдаган, тебеген. Эй, ушулар, душман болуп жатышат, Эне тилге жебелерин мээлеген!
Башканы кой, жазуучулар, акындар, журналисттер – тил дүйнөгө жакындар, Кыргыз Тилин кыйып, кыркып жатышат Кыйкырууга, бакырууга акым бар!
«Кыргызмын!» деп, эчен кейбир киргиздер, Эл ичинде басып жүрөт сырайып. Кыргыз эмес, орус эмес айбанга, Кайбирде мен, карап калам муңайып.
Бечаралар, тирүүгө окшош өлүктөр, Эне Тилин жактырышпайт кылайып. О, мен үчүн, булар эчак өлүшкөн, Жатышат эй, жалпайышып, тырайып!
Атаганат, татаал адам турмушу, Алмустактан, бир ташы кем дүйнө ушу! Кыргызстан кыр аша албай кыйраңдайт, Кыргыз Тилдин жанмайынча жылдызы!
  * * *
Кыргыз злим, тазалагын дилиңди, Коркпой-үркпөй, коргой билгин тилиңди. Этегине акчабайдын жыгылбай, Эне Тилге арна, аппак сүйүүңдү!
Кыргыз Тили дүйнөдөгү кымбатың, Кыл чайнаган, кыйын чакта кыйбасың. Акча эмне?.. Бирде бар да, бирде жок, А Кыргыз Тил санаалашың, сырдашың!
Өмүр чиркин, өтпөй кантип турбасын, Көз сүзүлүп, көргө кирет бир башың! Бала-чакаң жоктоп сени ошондо, «Атакелеп!» кыргыздарча ыйласын!
Жашоо чиркин, өчпөй кантип турбасын, Жүрөк чарчап, жер жазданат бул башың! Уул-кыздарың, жоктоп сени ошондо, «Апакелеп!» кыргыздарча ыйласын!
Кыргызым ай, жууп-сыгып дилиңди, Кыйыктанбай, коргой билгин тилиңди. Кытмырлардын кылтагына илинбей, Кыргыз Тилге арна, аппак сүйүүңдү!
Жашоо-турмуш оңго-солго чимирди, Жалпайтышты кыргызым ай, гүлүңдү! Эртеңкисин улутуңдун ойлосоң, Эне тилге арна, жүрөк-жүлүндү!
Эне тилиң уйпаланды, бүлүндү, Төрдө эле, улагага сүрүлдү. Энекеңдей Эне тилиң эң ыйык, Ыза жутуп, ыйламсырап, күйүндү!
Акчабайдан алаңдабай, чочубай, Ар-намыстан айрылба элим, кокуй ай! Акбоз атка минип жолго чыгалы, Арык-торук эшегиңди токубай!
Акча, акча, абдан керек, бу дагы, Ансыз күйбөйт караңгы үйдүн чырагы. Курдаштар эй, курсакка эле баш ийбей, Жүрөктүн да сүйлөгөнүн угалы!
Укчу сөздү, Акыйкатка жанашчы, Узартпачы, учу-кыйырсыз талашты. Англис тил – аалам тили болсо да, Англисче айтам кантип «Манасты»?
Эл аралык тилдерге сен болушпа, Бакыт Кушу мынабу, Ата-Конушта! Орус тилин төмөнсүнтпөйм, а бирок, «Ой, булбулду» кантип ырдайм орусча?
Чет элдердин тилин жактап, жээликпе, Чебелектеп, телтеңдебе, терикпе. Кыргыз жаны кылдарында жашаган комуз чертип, ырдайм кантип немисче?
Чындыкты айтам, сөзүмдү көп бөлбөгүн, Чыйт түкүрүп, мени жаман көрбөгүн. Кана айтчы, корей элдин тилинде кантип толкуйм, Барпы акындын «Мөлмөлүн»?
Түркүм сырын караңгынын, жарыктын иликтедим, талдап, тандап, каныктым. Уккандарды жашытып, мен жапончо кантип төгөм, «Курманбегин» Калыктын?
Ак булуттай каалгыган Анара, Азын-оолак акыл сунам сага да. Кыргыз элдин жомокторун жобурап, Кытайча сен айта албайсың, балаңа!
Мидин менен Байдылданын ырларын миң мертебе окуп-чокуп, жыргагын. Эне тилиң эске түшүп ошондо, Эртели-кеч келип турат ырдагың!
  * * *
Кыргыз Тилим үчүн күйөм, өрттөнөм, Аскадагы алгыр бүркүт көздөнөм. Орус тилин жек көрбөймүн, а бирок, Орус чалыш кыргыздарды жек көрөм!
Мейлиң талаш, үрбө бирок, канчыкча, Мээни чагып ажылдаба, айтышпа. Урпагына Улуу Кыргыз элинии, Улуу тил жок, Кыргыз тилден артыкча!
Кыргыз Тилим сен үшүсөң, муздаймын, Бир канаты жараланган куштаймын. Аргымагың менмин, сүрөп турбасаң, Атырылып, алга учуп чыкпаймын!
Ырга айлантып, кереметтүү тилимди, Өмүр бою созо берем үнүмдү. Өз тилимде жакшы ыр жаза албасам, Өрттөп мени, сапыргыла күлүмдү!
Жасалгалап көп тил менен дилиңди, Жакшы эмей, алган албан билимди. Ээрчип кетпей бирок, бөтөн тилдерди, Эне тилге тартуулагын, гүлүңдү!
Көзүм бардап, төгөрөккө үңүлдүм, Кесепети тийип орус тилиңдин Кемчонтойлор арабызда көбөйүп, Керемети кемиди Эне тилимдин!
Кыргыз Тили – Айжарыгы иңирдин, Күнжарыгы – илим менен билимдин. Кыргыз Тилин өркүндөтө албасак, Кызыктары сууй берет сүйүүңдүн!
Кызылдары өчүп калат гүлүңдүн, Кымыздыгы cooлуп калат бүрүңдүн. Кылымдарды кечип жашай берели, Кыргыз Тилин кымыз сыяк шимиргин!
Кыргыз Тилге чөгөлөгүн, бүгүлгүн, Кыз-келиндей таазым эткин, жүгүнгүн. Ырыс-кешик босогоңдон төргө өтүп, Ырахаты ысый берет сүйүүңдүн!
Кыргыз Тили аркылуу мол, тунукпуз, Кыргыз Тили таңшып турса, улутпуз. Кереметтүү тилибизди өксүтсөк, Келесообуз, сокур, дүлөй, дудукпуз!
Кыргыз Тили шаңшып турса ар кайдан, Кожомкулдай дөө балбанбыз, дардайган. Кордоп, зордоп, булгай берсе тилиңди, Кой-эчкиге айланабыз айдалган!
Кул болобуз чынжырланган, байланган, Күңбүз анда, күн чак түштө жайланган. Жорулардай, каргалардай жашайбыз, Жондо жаткан өлүү тарпты айланган!
Булганып да, бөксөрүп да, тонолуп, Тил байлыктан биз укмуштай кородук. Эй, кыргызым! Кыргыз Тилиң эмне үчүн, Билесиңби, баратканын жоголуп?
Бөтөн тилдин сөздөрүнө оронуп, койколоңдоп, короздонуп, боёнуп. Эй, кыргызым! Эне Тилиң таанылбай бара жатат, акырындап жоголуп.
Тил жоголсо, айрылабыз баарынан, Атка окшойбуз, бычып салган жаңыдан. Атаганат, соолуп, чирип бүтөбүз, Алмалардай күүлүп түшкөн шагынан!
Баарыңарды тил коргоого чакырам, Чыңырамын, өкүрөмүн, бакырам. Эгерде эртең, Эне тилим жоголсо, Уу ичемин, муунам же атынам!
Жок, жок болбойт!.. Эне Тилим өлбөсүн, Жамандыгын эки көзүм көрбөсүн! Жакшылыгын гана арнап элиме, Жаратканым, андай күндү бербесин!
Кыргыздар ай, жата бербей жашынып, Кабыландай чыксаң боло качырып. Кайран тилдин душмандары көбөйдү, Качанкыга жашайбыз эй, басынып!
Качанкыга жашайт тилим кордолуп, Келчи эмесе, келечекти ойлонуп… Тил душмандын тилин сууруп алалы, Тим койсок эй, жатышпайбы, чоң болуп!
Өлкөсүндө өгөйлөнүп өз тили, Өйдөсүнөт, өпкөлөнөт чет тили. Эгемен эл болгондугуң ушубу, Эне тилиң кемсинтилди, өксүдү!
Азаттыкты алгандыгың, ушубу! Жакалашып, тилибизди утуру, Төшкө түртүп, төмөнсүнтө беришсе, Төп сүйлөтпөй уул жана кызыңды,
Элейесиң, эртең өзүң түшүнбөй, Эжигейдей эзип ичи-тышыңды, Ушунчада тарткыла эй, тизгинди, Уруп салат Манас тилдин кусуру!
Эне тилге душман четтен келген жок, Эртегидей Маскөө буйрук берген жок. Кыргыз тилге кыргыздар жоо болушту, Күйөм, түтөйм, тышым жалын, ичим чок!
Жүзү кыргыз, жүрөгү орус дөдөйлөр, Жүз мертебе Эне тилди өгөйлөөр… Кыргыз тилге кыянаттык кылышып, Кылыч шилтеп жатышат, чоң сөрөйлөр!
Уул-кыздары Улуу Кыргыз элинин, Кыргыз болбой баратканга арданам. Эки кыргыз теке маңдай отуруп, Орусчалап сүйлөшкөнгө таң калам.
Кыргыздарга кыргыз акмак орусча акыл айтып жатса, кыжыр келтирет. Кылчактабай Орусия тарапка, Качан деги жашайбыз эй, элчилеп?
  * * *
О, мекендеш! Биздин Кыргызстанда, Мамлекет тили – Кыргыз тили эмес. Мыйзамыбыз кагаз бойдон баягы, Мыйзамдарың өлүп жатат, тирүү эмес!
Жан-дүйнөмдү жаркыраткан, агарткан, Жалгыз гана Кыргыз тилге сыйынам. Жаратканга жалбаргандай жалбарып, Таазим этем, бүгүлөмүн, жыгылам!
Башка тил жок, тилибизге теңешчү, Башың сыяк бул тил сага керектүү! Эй, Мартеке! Жан-дүйнөңдө жашаган Машаяк тил – Кыргыз тили эмеспи!
Кылымдарды кезген диним – Кыргыз тил, Кыргыз жолун арууланткан, жылдыз тил! Жезди алтынга айландырган сулуулап, Жерди огунда чимирилткен, чындык тил!
Кыргыз тили – жан-канымда жашаган, Мен багынган, мен табынган Кудайым! Ушу Улуу Кудайыңа сыйынып, Улуу Кыргыз куунап жаша, ылайым!
О, элим ай! Уулуң менмин, муңайым, Уруксат эт, сөз дүйнөңө кулайын! Агар алтын, ак күмүштөн[2] асыл баа, Ата-Баба уламасын[3] угайын!
Тим жатпастан, Чоң Казатка чыгайын, Тил душмандын ичегисин чубайын! Манас-Ата тирүү арбагы жылоолоп, Улаңгайыр[4] тарых жолун улайын!
Көз жашымды Тилим үчүн сыгайын, Көккө учуп, жерге конуп турайын. Көз сүзүлүп, көргө башым киргиче, Кыргыз Тилге жүрөгүмдү сунайын!
2012-жыл
[1]Алмустак – Асман жаралган, жер каймактаган, эң байыркы учур.
[2] Агар алтын, ак күмүш – чылк алтын, накта күмүш.
[3] Улама – улама сөз, санжыра, тарых ж.б.
[4] Улаңгайыр – абалкы, байыркы.
  “Кыргыз тили”
0 notes
temirlik · 7 years ago
Text
Бул материал Кыргыз маданият борбору сайтында жарыяланган
New Post has been published on http://kmborboru.su/2018/05/20/yrdyn-biri-yryspaj/
Ырдын бири Ырыспай
Tumblr media
Эстутум
Колума калем кармап публицистика айдыңына аралашканыма 45 жылга чамалап калды, а бирок эскерүү темасынан эң оор бир да жанрды көрө албадым. Албетте, каарман элесин кадимкидей тартып көрсөткөн анча-мынча эскерүүлөр жок эмес, тилекке каршы, мен окуган эскерүүлөрдүн эчени эскерме аты эле болбосо, эскерип жаткан адам арткы планга сүрүлүп, өзүн-өзү көтөрө чаап көкүрөк каккан автордун элеси сороюп чыга келет аягында.
Эсиме жара чыкпаса, “эстутум” деген сөздүн автору ыраматылык Ашыке (Кыргыз Эл жазуучусу А.Жакыпбеков) менен Алыке (Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер А.Токтомушев) болуш керек эле. “Алгы сөз” дегенди да ушул эки алп алып чыккан жарыкка. Көп жыл “Кыргызстан маданияты” гезитинде, кийин “Асаба” (Агым) гезиттеринде колдонулуп келип, азыр акырындап унутулуп бараткансыйт.
“Эстутумду” “эске тутуу” деп түшүнүп алып Алыкеден кагуу жегеним эсимде. “Капар сен кандай гана сөз болсун тар маанисине качырбай, тереңин издеп жүр” деп, “эстутум” деген эстеги көп нерселердин бүтүн-чулусу, чынжырлашкан тутуму экенин айтты эле.
Сүрөтүн көрүп, ырын уккан сайын эстеп коём Ырыспай акени. Эки ирет кенен-чонон маектешкен жайым бар. Ошондогудай жаш, ошондогудай жайдары, ошондогудай ойлуу элеси тартылат көз алдыма. Анан “ошо көз ирмемдер жүрөктө жүрө бербей кагазга түшүп калса, элге-журтка жетсе” деп тилек кылам. Канча жолу колума калем кармабадым, жазып бүтүп эле карасам ал киши тууралуу айтып келатып өз жолоюма ооп кеткенимди байкабай калам. Ошентип, бул эскерүү узак жылдар жазылбай жатты саатын күтүп…
  Табиттин тарбиячысы
Жакында бир музыка кабинетине кирип калдым. Мындай кабинет ар бир айыл мектебинде бар. Жупуну жасалгаланган. Комузчу, чоорчу, кыякчылардын сүрөтү, бирин-экин музыкалык аспаптар. Коёндош окшош бардыгы. Бирок, бул кабинеттин өзгөчөлүгү: дубалдын жарымын “Обондун пири Жумамүдүн” деп Кыргыз Эл артисти Ж.Шералиевге, калган жарымын “Ырыспай ырдын Чолпону” деп Кыргыз Респубикасынын эмгек сиңирген артисти Ы.Абдыкадыровго арнап жасалгалап коюптур. Ар кайсыл жылдардагы сүрөттөрү, өмүр баяны, чыгармаларынын тизмеси. Карап алып көзүң тоёт. Анан ыраазы болосуң ушуну жасаган карапайым мугалимге. Акырында нааразы боло кетесиң ушундай асыл адамдардын түйшүгүн түшүнбөй келатканыбызга. Агартуунун атличниги, Эл мугалими наамын алган тарыхчы, тилчи ж.б. мугалимдер арбын, а бирок андай сыйга арзыган музыка мугалимин уга элекмин чынында. Маселен: математика мугалиминен музыка мугалиминин эмнеси кем? Ырас, эсеп керек. А табиттин кереги кимге?.. Музыка мугалими бүтүндөй бир муундун музыкалык табитин таптап жатпайбы. Ошо табиттин тапталбагандыгынан балдарыбыз Батыштын каңкылдак-чаңкылдактарын аздек тутуп, аюуча арсаңдап, мышыкча мыёлоп жатпайбы. Жүрөк кылын каккан ноталарды, рух кумарын кандырган обондорду кулагына куя албай, уга албай керең, көрө албай азиз болуп жатпайбы. Музыка рахатын, демек, жашоо рахатын сезбей өтүп кеткен жатпайбы. Андан ашык арман, мындан мыкты мүшкүл жоктур дүйнөдө.
Жупуну жасалган дубал-тактаны тамшана карап отуруп мугалимге ыраазы болдум кайра-кайра. “Ырыспай акенин болгон-күткөн наамы Эмгек сиңирген артист тура, мунун ордуна Эл артистин илип салайын” деп ошол жерге азыркы эстрада жылдыздарынын бирин жамап салса эмне кыла алат элек? Эчтеке. Атургай, аркы Жумамүдүн акенин сүрөтүн сыйрып ыргытып, ал жерге Айчүрөк Иманалиеванын же жылдызы жымыңдап турган Нурлан Насиптин өмүр-таржымалын тагып салса ким элес алмак? Эч ким. Болгону ушул мугалимден таалим алган муундун музыкалык табити ошолордун деңгээлине түшмөк же көтөрүлмөк. Ал эми Жумакебиз менен Ыракебиз улуттук музыканын ушу азыркы таптагы орток чени, алтын өлчөм эталону саналат эмеспи. Ушу залкар таланттардын обондору менен ырларына тамшанып атып такшалат да музыкалык таберик табит. Ошондой таберик табит кыргызды кыргыз кылып сактап келатпайбы кылымдарды карытып.
  Ырдан чыккан чыр…
Ырыспай ырдын Чолпону, Ырыспай колдун ортону. Ырынан алат ыракат, Ырыстуу элдин оң-солу.
Ы.Абдыкадыровго арналган дубал-тактада ушул саптар жазылган. Мыкты ыр. Жакты мага. “Автору ким болду экен?” деп төкмөлөрдүн арасынан издесем жооп болгон жок. А бирок, анын түп нускасы, башат теги табылды. Бул саптар Байдыкенин (Кыргыз Эл акыны Б.Сарногоев) калемине таандык экен.
Биз, акындар – колдун болсок оң-солу, А Алыкул – ошол колдун ортону. Биз, акындар – жылдыз болсок көктөгү, А Алыкул – жылдыздардын Чолпону!
Минтип миң акын арасынан Байдыке гана айта алмак! Мыкты ырдын өмүрү ушинтип уланат. Бир карасаң уурдап алган өңдүү, бир карасаң жөндүү: эгер мага жогорудагы ыр саптары жолукпаганда Байдыкемдин Алыкулга арнаган ырын кайдан табат элем? Кантип эстейт элем? Кудай буюрса, ал саптардын сапары карыбайт: “Баланча түкүнчөнүн Чолпону” деп ырдала берет төкмөлөр аман турганда. Ошентип кайталана берип элдин эсине сиңет, элдик ырга айланып тынат акыры.
Музыка мугалимине ичимден ыраазы болуп, ыр сабына тамшанып атсам катарлаш отурган бирөө кабыргага чукуйт “иттей жаман жазып салыптыр” деп. “Ии, кандайча?” деп карасам, үстөлдүн астынан ортону чычайган муштумун көрсөтөт: “Ырыспай аке мобу болуп калып атпайбы…” Адегенде түшүнгөн эмесмин, кийин жетти мээме. Байкашымда ал киши орусча ой жоруптап калган Ороскулдун бири сыңар. “Ой, жок дегенде баш бармакка теңебейби ушундай улуу кишини” деп муңканып коёт. “Алдагының орусча, кыргызчасы мындай” деп мен да ага сөөмөй менен ортондун ортосунан баш бармакты кылтыйтып көргөзүп коюп тим болдум.
Мына – табит тарбиясынын жоктугу, кеп маданиятынын кемтиги. Оруста ортон уят болсо, кыргызда кыйын, улуу, чоң, бийик деген мааниге ээ. “Ортондой болгон уулум бар” деп мактанат ата-эне. “Эл ортону элүү жаш” деп даңазалайт оттой улуу курагын. Ал алдын-күчтүн, акыл-эстин бийик туу чокусу, андан ары өсүү, өнүү, өркүндөө жок деген улуу чындыкты, терең мазмунду билдирип турат. Ортон, андан тышкары, беш манжанын да бийиги, узуну, мырзасы эмеспи.
Маселен, мен Ырыспай акени эгерим баш бармакка теңемек эмесмин. Аны Ырыспай акенин тырмагына да теңемек эмесмин керек болсо. Эмесе, көркөм адабияттагы баш бармактын образына көз чаптырып көрөлү. Аны, адатта, аткаминерлерге салыштырып карашат: бою корто, курсагы кап, муруну муштум, бети бетон, оозу ороо…
Азыр Кыргызстанды так ушундай 120 бармак башкарып жатат Баш Мыйзамдын негизинде. Же туура эмес айтамбы? Кечээ, А.Атамбаев бийликте турганда “ким мыкты?” десе 115и ордунан тура калчу какайып. 15-октябрдын эртеси 115 бармактын башы тоңкоюп жер челип калганына күбө болду го эл-журт. Азыр кайра тура калды курган 115 бармак сорок этип… Ырыспай акени анан кантип теңейсиң ушундай баш бармакка?..
Ал кишинин ушу күндү көрбөй өтүп кеткени ырас эле болуптур бир четинен. Кейип атып кертилип, үшкүрүп атып үзүлмөк. Жан-дүйнөсү назик, эл дегенде эт-бетинен кеткен адам эле жарыктык. Жаткан жери жайлуу болсун!..
  Ырдын бири…
Ар адамда – ар табит. Ал табитти тим тыят. Ырыспай акени “ырдын пири” кылгысы келгендер Пир кылсын. “Ырыспай ырдын кудайы” десе андан бетер кубанат элем. А мен үчүн Ырыспай аке кадимки эле жөп-жөнөкөй бир Адам. Ошон үчүн макаламдын темасын “Ырдын бири” атадым.
Ал киши мага ноталуу ыр китебин тартуу кылган: “жүзгө жакыны кирди” деп. “Жалпысы канча обон жаздыңыз?” деп сурасам: “200дөн араң ашты” деди эле. Ошол 200 обондун баары биригип келсе да – бир Ырыспай, жалгыз бири калса да – бир Ырыспай деп билем. Андан Ырыспай аке арыктап же семирип кетпейт, бедели кемибейт. Эл эсинен 199ун өчүрүп салып, жалгыз бирин калтырса да Ырыспай болуп ырдала берет. Залкардын чалкар касиети ушунда.
Экинчи себеби: мен өзүм ашкан динчил, кудайга кудай ургандай бек ишенген радикалдардын биримин. А бирок, алты кабат асмандын ары жагындагы Алла-Таалага эмес, көкүрөктү жара тилип, жүрөк каалгасын ачып туруп ичине салып алган бир Теңирим бар, ошого ишенем. Анткени, ал денеме жакын: алдастап шашып калганда асмандын кайсы тешигинен издеп убара болмок элем, жүрөк тушуна алаканды коё салып акыл сураганга, ыйман тилегенге, өз эне тилимде келме келтиргенге ыңгайлуу. Айрымдар ата-баба арбагы да ошол алты кабат асмандын ары жагына кетип калат дешет экен өзү барып көрүп келгенсип. Мен үчүн ата-энемдин арбагы – пайгамбар. Ошондуктан аларды да алыс кетирбей нурдан өрүлгөн жип менен аркандап алгам желкеме. Корксом, ошолордон корком. Ыйманы саламат болгур атам күрөктөй болгон колу менен жаткыра чаап жүрүп тарбиялаган мени. Азыр эми атакемдин арбагы өлтүрө чаап салбасын деп арам ишке бармак турсун, арам ойду ойлогондон айбыгам. Ырыспай акени Пир туткандар кечирип коюшсун, мага көзүн көрүп, сөзүн уккан, ата-энемдин арбактары менен аралаш кейисем кейип, күлсөм кошо күлө багып жыргаган бир Ырыспай аке эле артык.
Үчүнчү себеби: бир Ырыспай аке деп анын талант катары кайталангыстыгын, бийиктигин даңазалагым бар. Жамакчы журналист-акын досум Үсөнбек Дайырбековдун мындай бир ыры бар мага жаккан: “Асман бирөө, Кудай бирөө, Мен бирөө. А калганы болбогон бир келжирөө”. Керемет саптар ушундай кыска, анан нуска болот. Ансыңары, асман бир, кудай бир, анан эле Ырыспай аке бир. Аны миң туураса да, ырларын так өзүнүн үнү менен дал өзүндөй ырдап чыкса да эч ким Ырыспай боло албайт эми. Ырыспай аке бир Ырыспай бойдон өмүр сүрөт түбөлүк. Бул менин ак дилден айтылган арзуум, асыл чындыгым.
Ырыспай акенин ырысы чындап эле тоодой экен. Кыргыз кыйырында андай зор таланттар далай-далай чыга келген, буюрса, дагы чыгат. Бу кишинин маңдайына жазылган жазмыш шыбагасы – аны Кудай-Таала кыргыз маданияты үчүн марттык менен ыроолоп койгон бир чоң толкундун өркөчү, өткөн кылымдын 60-70-жылдарында жылдыздай жарк этип жанган бүтүндөй бир таланттардын көч башы эркечи, аксакал эркеси кылып койгондугунда. Балким, ал шыбага Аксуубай авага (Кыргыз Эл артисти А.Атабаев) буюрмак эки жыл алты ай мурда төрөлүп же “Тоолору” Ырыспай акенин “Алмашымынан” алты эле күн мурда жаралып калганда.
Албетте, Ырыспай акени оргуштаган таланты, табигый арген үнү, муңканып ыйлап, эргип сайраган аккардеону, анан талыкпаган аракети Ырыспай кылды. А бирок, улуттук музыка айдыңына артынан ээрчите чыкпадыбы Аксуубай деген ыр алпын. Асангалый Керимбаев, Мукан Рыскулбеков, Түгөлбай Казаков, Каныкей Эралиева… Эмне деген таланттар? Эмне деген ырлар? Эмне деген обондор? Эмне деген толкун?.. Ырыспай аке ушулардын бири. Ушул топтон бөлүп алып карасак жапыздай түшөт, тобу менен карасак өзүнчө бир опол тоо.
Мен билгенден даңазасы далайга кеткен атактуу эки эле мектеп бар Кыргызстанда: биринчиси – “Дүйшөндүн мектеби”, экинчиси – “Ырыспайдын мектеби”.
Кыргыз адабиятында Аалыке (Кыргыз Эл жазуучусу А.Токомбаев) баштаган бир толкун өттү өткөн кылым башында. Өткөн кылым ортосунда Чыке (Кыргыз Эл жазуучусу Ч.Айтматов) баштаган дагы бир толкун жаралып, кыргыз деген эл барын таанытты го дүйнөнү дүңгүрөтө. Ал эми Төкө (Кыргыз Эл артисти Т.Океев) баштаган зор толкун кыргыз киносун “керемет!” даражасына көтөрүп салган эмеспи.
Ушундай бир толкун чыкпай турат ХХ1 кылымдын 20 жылы артта калып баратса дагы. Чыкса да жалгыздап чыгып күйдүрүп атат… Кыргыз кыйырында адабий, маданий, рухий же экономикалык толкун жаралбай, саясий толкундардын заманы болуп туру, аттигиң!.. Ырыспай аке айтмакчы, “азыр эмне көп? Ызы-чуулуу шайлоо көп. Анан токтобогон тойлор көп”.
  Акыркы маек
Анда мен “Кыргызстан маданияты” гезитинде баш редактордун орун басары болуп иштейм. Телефонду алсам Ырыспай аке чалып жатыптыр.
– Капар досум, кандайсың? Бу мен – Ырыспай акең,- дейт: -Капаска түшүп камалып калдым. Эгер колуң бош болсо, эригип өлүп атам, эки-үч гезит сатып келип бер.
– Азыр эле барам Ырыспай аке,- деп адресин жазып алып жөнөп калдым. Киоскага токтоп беш-алты гезит, гастрономго кайрылып “асылдан” бирди алып, аны топ гезит менен тоголоктоп ороп койгом. Ал кезде “Юбилейная” аталган аялдамадан түшүп, азыркы “Учкун” басмаканасы танаптагы беш кабат үйлөрдүн бирине кирдим. Давлет жеңе менен аяшы чыгып “конфискациялап коюшту” колумдагыны. Ырыспай аке төркү бөлмөгө камалыптыр, каткырып келип кучактап калды. Курган киши “урушуп койгон жокпу тигилер?” деп кулагыма шыбырап, мени аяп аткан экен көрсө.
Давлет жеңени алгач ирет Ырыспай акенин Оштогу өз үйүнөн көргөм. Мен барганда энеси экөө ашканада манты жасап жатышыптыр. Биз жакта мантынын этин да, пиязын да күл майда кылып салышат. Алардыкы Кочкордун шишкебегиндей кесек майдаланып жатканын көзүм чалды.
Ырыспай аке экөөбүз иш бөлмөсүндө эки саатча маектештик болжолу. Аны “Ленинчил жаш” гезитине “Ырдалып бүтпөйт Ырыспай” деген ат менен жарыялагам. “Аябай көтөрө чаап мактап салыптырсың, аз жерден көөп кете жаздадым” деп тамашалады кийин бир жолуккан жерибизде.
Давлет жеңенин ошондогу мантысынын ширин даамы эмдигиче таңдайымда! Жебей эле карап отура бергиң келет тамшанып. Биз жактагылардын мантылары балбандардын кулагына окшоп мырыйып-тырыйып, ар бири ар башка формада болуп калат го, Давлет жеңенин ар мантысы өзүнчө эле искусство: парадга тизилген жоокердей бир көлөм, бир формада. Жада калса чымчып бекиткени да бип-бирдей. Жакшылап караган адамга алары саймага окшоп кетет.
Ош шаарындагы Ырыспай акенин айкели мыкты жасалган негизи. Бир гана жери: постаменти жапыз, анысы аз келгенсип, же ташка, же дөңгөчкө окшобогон бирдемеге чөктүрүп коюшканына курсагым чыкпайт дегеле. Эгер менин эркимде болсо ошол жапыз постамент ордуна Давлет жеңени жасап салмакмын Ырыспай акени ийинине кондуруп. Айкелин карап алып ыраматылыктар каткырып-күлүп жыргашмак. Ырасында, Ырыспай акенин Ырыспай болушуна Давлет жеңенин салымы албан. Жалгыз гана ал эмес, дегеле бардык талант ээлеринин аялдарына таандык касиет-мүшкүл бу. Анан эле өзүнөн өзү жаркын талант болуп чыга калгансып баркталса алар баркталат да, даңкталса ошолор даңкталат. Тозок отун кечип, өмүр бою моюнуна көтөрүп талантты таптаган тиги бечаралар эске алынбай унутта калат. Белгилүү обончу-музыкант агабыз Мукан Рыскулбековдун 50 жылдыгында жоро-жолдоштору “эми дагы 60 жыл жаша, 70ке, 80ге, 90го чык” дей беришкен го, ошондо айымзаттын асылы, ыраматылык Орунгүл жеңе айткан тура: “ой-иий, Муканды 50гө чыкканча моюнума көтөрдүм, дагы 50 жыл көтөрөт турбайымбы” деп.
Көзүн көрүп, кебин угуп калган Асаке (А.Керимбаев) деле ичи таза, сырты кежир жан болчу. Кез-кез “Кыргызстан маданияты” гезитинин редакциясы чуру-чуу түшүп калаар эле каалгаларын шарактатып бекитип. Алыкул атабыздын арбагы менен сүйлөшүп адал жолуна түшүп алган Нуке досум (Н.Капаров) “бекит Капар эшикти, Асангалый (же Мукан, же Орозбек (Кыргыз Эл жазуучусу О.Айтымбетов), же Баратбай (белгилүү жазуучу, журналист Б.Аракеев) келатат” дей салып качкан бойдон кетет кабинетине. Кудай акы, ошолордун биринен да бекинип качкан жан эмесмин. Жакшы сөзүнөн башка жамандыгын көргөнүм жок. Ырас, жакпаган кишилерин кычык сөз менен кууруп, кыжыры кайнап кеткенде анча-мынча мыжып коюшчу. Асангалый байкенин “бир эле кучактап коёюнчу” деп келип чоң курсакка кысып алмай адаты бар эле. Балбан киши эмес беле, кысканда көзүмөн жаш атып кете жаздачу. Мукан байке “кейибе бака, саз биздики” деп күрөктөй чоң алаканы менен далыга таптап койгондо өзөрө түшүп оңолоор элем.
Атаңдын көрү, азыркы Жогорку Кеңешибиз “таланттуу өнөр адамдарынын айкелдери аялдарынын айкелинин ийинине отургузуп жасалсын” деген мыйзам чүргөп койсо кыргыз тарыхына “гениалдуу парламент” деген ат менен катталып калат беле деп ойлоп коём кээде…
Давлет жеңе менен аяшы экөө ашканада тамак камын көрүп жатышкан экен, бир башбаксам жеңем кууп чыкты артымдан түртүп: “бар, байкең менен баарлашып отура тур, камсанаба, баягы сен жакшы көргөн мантыны жасап жатабыз” деп. Ошо бойдон төркү бөлмөдөн чыккан жокпуз. Энди, Ырыспай акенин катарында беш мүнөт отургандын өзү бейиш, ырыскы-таалай эмеспи!
Жаңы жылдын башы болчу ошо туш. Туулган күнү өттү беле, же өтө элек беле эсимде жок, а бирок ошонун ары-бериси экени анык. Анткени, ичсек да, ичпесек да чечилип сүйлөшө турган кезең экенин илгертпей сезип, диктофонду кармай келгем. Ангеме-дүкөнүбүз башталганда иштетип туруп, ортого таштап койдум.
Көрсө, чыгармачылыгынын 35 жылдыгына арналган чоң концерт өткөн экен ошонун алдында. Кожомкул атындагы спорт сарайы толо эл келиптир эки күн. Үчүнчү күнү зал толбой калат. “Толбосо да толкундап ырдап бердим” деп айтып отурду. Концерт бүткөндөн кийин Давлет жеңе менен аяш-достору акча-тыйын эсептешип алаксып калышкан бейм, Ырыспай акени казак туугандар ала качып кетиптир. Барса, алты айыл казак чогулуп күтүп турган экен түн ортосу болгонуна карабай. Ойдуң жерге бортун ачып эки-үч машинаны катар токтотуп койгон экен сахнага окшотуп. Ана-аан, боздоттум деди боздотчуну, созчуну созуп, чойчуну чойдум алымдын жетишинче деди. Казак калкы тим калмак беле, колдон келишинче сыйлап салган экен. Давлет жеңе түнү менен издеп жүрүп эртеси таап келиптир Ырыспай акени казактын ана-даласынын бир бурчунан.
Кечирип кой окурманым, алтындай убактыңды алып койдум. Аз жазам деп жатып арбытып жибердим. Эскере турган көп нерселер бар эле, камтылбай калды арбыны. Ушунусуна да шүгүр деп каниет кылдым. Ырыспай акени эле эскерип, башканы кошпойм деп убада кылды элем башында, ал сөзүмө да тура алган жокмун. Кечирим сурайм кайталап. Эмесе, “бербестин ашы бышпас” кылбай ошондогу маегибизди ортого таштайын. Маек 1994-жылы 19-январда “Кыргызстан маданияты” гезитине жарыяланган.
  «Балалыктан башталгам, балалыктан бүтөмүн…»
– Ырыспай аке, өткөндө чыгармачылыгыңыздын 35 жылдагын жупуну белгилеп, Бишкекте концерт бердиңиз эле. Чыгармачылыктын 35 жылы Сизди чарчаткан жокпу?
– Өзүңөр билесиңер, 1959-жылдан бери ырдап келе жатам. Дагын деле ырдагым келет. Чарчаган жокмун. Ал-күчүм бар. Элге-журтка жете элек бир топ жаңы чыгармаларды жараттым. Ошолорду радиого жаздыра албай жүрөм. Жаздыра албаган себебим: жалаң аккардеон менен ырдаш менин азыркы деңгээлиме туура келбей калды. Менин оюм, максатым бөлөк. Жок дегенде кичинекей бир ансамбль же оркестр керек. Экинчиден, ырларымды жакшы аткарган ырчылар жок.
– «Акын чарчаса кара сөзгө өтөт, жазуучу чарчаса романга өтөт» дечү эле, Сизди депутаттыкка өтүп кетти деп уктук…
– Калп айтышат. Обонду чана элекмин, чанбайм дагы. Мен баягы эле Ырыспаймын. Ырыспай бойдон кала берем. Чыгармачылыгым токтоп калган жок. Көп тажрыйба топтодум. Беш-алты чоң прелюдия, этюд, вокалдык чыгармаларды жаздым. Эл ишеним артып облус кеңешине депутат кылып шайлап салышса, бул милдетти аткарбаска айла калбайт экен. Аны алымдын жетишинче аткарып келатам. Чоң мансапты каалабайм. Ушу кызматым эле жетет. Наам болсо бар. Наам демекчи… Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти наамымды алып коюшса жеңил болот эле мага. Мисалы, ошону менден алып Мукан Рыскулбеков иним 50гө чыгып кетиптир, ошого ыйгарып коюшса, Президентке алкыш айтаар элем.
– Аны неге чанып калгансыз, ал наамыңыз Сиздин талантка берилген баа эмеспи?
– Талантты наам баалабайт, эл баалайт. Ошон үчүн алып коюшса деп жатпаймбы. Элиң аман турганда наамыңдын кереги жок болуп калат тура. Элүүдөн өттүм, эми мактана берсем жарашат. Анүстүнө, чындыкты айтып мактанса ден соолукка жакшы дейт. Элим мени баалап эле келген. Дагы деле баалап алат. Дегеле, та­лантты бапестеш кыйын иш. Мен ойлойм «таланттуу болуш оңой, адам болуш кыйын» деп. Ох, аябай кыйын! Таланттуу адамды даңктай берсе акылдуулары бир аз козголуп барып, эгер түбүндө данеги болсо мактанып кетпейт, көөп кетпейт, бузулуп кетпейт. Токтойт. Данеги жок болсо ичип кетет.
– Таланттын 99 проценти эмгек деген чынбы?
– Чын эмей. Эмгексиз эч бир иштин маңызы болбойт. Биздин обончу сөрөйлөр эмгектенбей калбадыбы. Эки обон чыгарып алып акчанын артынан түшүшөт. Албетте, акча керек. Бирок, ушунча эле үзүнүп-тытынып акча артынан түшсө талант нөл болот да. Обончу деген музыка теориясын жатка билиши керек, адабиятты, көркөм өнөрдү жанындай көрүш керек. Мен китеп окуп жыргап алам.
– Ошон үчүн обончулар көп болуп жатабы?
– Ооба, азыр ким көп? Обончу көп, анан ойлонбой жазган токтом көп.
– Сиз чыгармачылыктын бай тажрыйбасына ээсиз. Ошо тажрыйба көзү менен караганда чыгармачылыгыңызга кандай баа бересиз?
– Ог-гоо, абдан көп кемчиликтерди табам чыгармаларыман. Ыр аткарууда тажрыйбасыздык кылганымды көрөм, ырдоо маданиятымдын жоктугун көрөм, вокалдык даярсыздыгымды көрөм, кээде аккардеонду катуу ойноп өзүмдүн үнүмдү басып койгонумду көрөм. Дурус обондорумду убагында жеткире ырдай албапмын. Жеткире ырдоо мүмкүндүгүнө мына азыр ээмин. Кээ бир ырларымды радиодон уктуруп жатса уялганыман өчүрүп коём.
– Азыркы жаш обончуларга устат катары кандай кеңеш айткыңыз келет?
– Мен аларга “экинчи өзүңөр ырга текст жазбай жүргүлөчү” деп жалынып-жалбарып суранар элем. Поэзия деген – опол тоо обон үчүн. Жакшы ыр обонду өзү эле таап, кулагыңа шыбырап берет. Жакшы ырга обон өзү келет, жароокерленип, жабышып келет. Жаман ыр обонду зордуктайт, музыканы кордойт.
– Жаштарга сабак болуш үчүн өзүңүздүн тажрыйбадан бөлүшө кетпейсизби. Сиз адегенде текстти тандап аласызбы же обон чыгарып алып, анан текст издейсизби?
– Экөөнү тең жасайм. Кээде ой келет. Ошондо дароо пианиного отурам. Ичим эзилип-эзилип кетет дейсиң. Андайда, адегенде обон чыгат. Анан ага ылайык текст издейм. Кээде сонун текст таап алам деп кой. Анда обон өзү келет жалбарып. Обон үстүндө бир ай, эки айлап иштейм. Жаман обон чыкса бүтөөрү менен тытып ыргытып салам.
– Чыгармачылык деген шыр жүрбөгөн нерсе тура. Кайсы бир мерчемде аксамай болот, сылтымай болот дегендей?..
– Ооба, аксаган учурларым болгон. Эки бөлмө үйдө жашадым. Суук, кышы-жайы тамчы тамат. Ошондо эки жыл эч обон жазбай койгом. Кийин ыйлап жүрүп баш­ка үй алдык. Аныбыз деле кышында суук. Ошондуктан кышкысын обон жарата албайм, а жайкысын үйдөн чыкпай иштей берем.
– Сиздин жазгандарыңыз көбүрөөкпү же жаза электериңиз көбүрөөкпү?
– Бул суроого жооп бериш мен үчүн кыйын. Ушуга чейин көп эле чыгарма жаздым. Дагы эле жазгым келет. Жазгандарымды санай элекмин. Көп да дебейм, аз да дебейм. Жаза электерим канча экенин да билбейм. Болгону өзүмдүн азыркы деңгээлиме жараша, купулума куп толгон бир музыка жазсам чыгармачылыкты ошо күнү токтотом. Ошону жаза албай убара чегип жүргөн кезим.
– Ошону жазгандан соң чын эле музыка жазганды токтотосузбу? Чыгармачылыктын жемиш берчү кези алтымыш менен жетимиштин ортосунда дешет го?..
– Алтымыш эмес, жетимишке чыксаң да дараметиң бүткөн соң жемиш кайда? Жетимишке чыгып чыгаан чыгарма жараткан гений көрө элекмин. Чыкса чыгат ал-күч барында. Чыкпаса жок. Чыгарам деп кыйнай берсе эптеп бирдеме чыгат. Анын не кереги бар? Мен чыныгы чыгармамды чыгарышка кийинки эки жылдан бери жакындадым деп ойлойм. Жүзгө жакын цикл жаздым. Кышында Кытайга барып, алардын ансамбли үчүн төрт бөлүм концерт жаздым. Обондун жаңы түрүн таптым. Эгемберди Эрматовдун махабат саптарына 16 саптык обон жараттым. Бул өзүм үчүн да жаңылык, музыка тарыхында да жаң��лык десем жаңылбайм.
– Эми буларды биз качан угаар экенбиз?
– Көзүм тирүүсүндө жаздырып кетсем, элдикин элге берсем дегенде көзүм төрт эмес, сегиз. Оркестр жок. Оркестр түзүп иштеш үчүн каражат жок. Ал эми кээ бир чыгармаларым аткарылып жүрөт. «Прелюдия соль-минор» деген чыгармам Ош университетинин бүтүрүү экзаменинде ойнолот. Алматыда ойнолот, Ташкент консерваториясында ойнолот, Украинада ойнолот.
– Балким мүмкүндүктөрүңүздү пайдаланып калыш үчүн жеке фондуңузду түзүш ылайыктыр?
– Фонд дегендин мага кереги да жок, зарылдыгы да жок. Бир жолу чы­гармачылык кечемде залдан бирөө кат берип жибериптир «Ырыспайдын эсебине мен 1000 рубль котором» деп. Күлкүм келди «кайсы эсебиме которот?» деп. Эл ансыз деле кыйналып турат. Кайышып турат. Эгер колума анча-мынча акча тийсе мен аны бүт Кубатбек Жусубалиевдин фондуна которор элем.
– Азыр кандай үмүттөр менен жашап жатасыз?
– Жакшы үмүттөр, албетте, бар. Эгер адам жакшы үмүттөр менен жашабаса, анда жашоонун кызыгы эмне?.. Мен иштеген институт жакында университетке айланды. Мен иштеген факультет искусство факультети болду. Факультеттин аксакалымын. Сыйлашат. Ушул факультетке пайдам тийсе деп үмүт кылам. Балдар үчүн ыр китеп чыгарсам деп үмүт кылам. Чыгармаларымдын баарын топтоп, сүрөт коштоп, кооз китеп кылып элге тартуулап кетсем көзүмдүн барында деп үмүт кылам. Эгер көзүм өтүп кетсе, алар чачылган бойдон калабы деп чочулайм.
– Эми Сиз депутат эмессизби, ошо багытта мындай собол салсак: кыргыз бечараны “кандайсың?” десең, өлүп баратса деле “жакшы” дей бермейи бар го. Облуста маданият жаатынын абалы кандай?
– Республикабыздын башка жерлериндегидей эле кыйын абалда. Облус кеңешинин депутаты катары жылаңач баатыр болуп маданият маселелерин козгоп эле келатам. Биздин облустук ма­даният бөлүмүнүн башчылыгына илгертен бери партсистемада иштеп- иштеп, таптакыр майнап чыгара албай койгон бечараны алып келип отургузуп коймойлору бар деп кой. Маданият деген эмне экенин билишпейт. Анан башкарат да-а! Ушуну айта берип, айта берип жаман көрүнүп бүттүм. Ичим кайышат. Жалгыз өзүң чуркай берсең, сени эч бирөө колдоп койгонго жарабаса, мындан жаман эч нерсе жок экен. Маданиятка караган киши жок азыр. Мамлекетиң да карабайт. А менин колумдан эмне келет? Кудай-таала акчанын баркын түгөтүп, маскара кылат деп мендей март кишиге акча бербей коёт тура. Берсе ошонун баарын маданият үчүн чачат элем.
– Азыр чыгармачыл адамдардын көпчүлүгү чыгармачылыкка шарт жоктугунан, каражаттын тартыштыгынан кесип өзгөртүп кетип жатышпайбы…
– Эми мен кесип өзгөртө алмак белем? Кала берем ушу калыбымда. Менден коммерсант чыкпайт, бизнесмен чыкпайт. Ал эми жаштар антпегенде кантмек эле? Бирок, нака чыгармачыл адамдар эч кайда кете алышпайт. Илхам деген итиң көкүрөгүңдү жара тээп турса кайда барасың? Мисалы, Шуман деген романтик болгон. Ачка жүрүп жазган чыгармасын. Же Бетховенди ким бапестеп бага коюптур? Нота жазганга кагазы жок, ресторандын менюсун кытып алып, артына жазган тура.
– Балким, ушинтип ачка калуу, көңүлдөн тыш калуу чыгармачылыктын бир шарты чыгар?
– Бир ирет Кубатбек Жусубалиевдин айтканын уктум эле “чыныгы чыгармачыл адам үчүн кыйналып, ачка жүргөн жакшы” дегенин. Курсагың ток болсо жазбай коюшуң мүмкүн. Жакшы чыгарма кыйналып турганда чыгат. Дагы бир нерсени жашырбай айтып кетейин: ичип-ичип, эртеси башың ооруп кыйналып турганда да жакшы чыгарма чыгып калат. Анан да­гы, адам өзүнүн кыйындыгын билбей-ак койгону дурус. “Бетховен өзүнүн улуулугун угуп жүрөгү жарылып өлбөсүн” деп кудай аны керең кылып салган дешет. Негизи улуу адамдар өзүнүн улуулугун, бийиктигин сезишпейт. Булар бала кыял болушат. Ошон үчүн токтолбойт да. Мына, мен алтымышка жакындап калдым, дагы эле баламын. Менин кылган кылыктарымды жаш бала да жасабайт.
– Ырыспай аке, азыр жашоо кыйындап кетти деп жатабыз. Ушул абалдан элибиз качан, кантип чыгып кетээр экен?
– Ооба, бири кем дүйнө деген ушу. Азыр миңи кем дүйнө. Бирок, биз тез эле оңолуп кетишибиз мүмкүн. Биздин аталарыбыз мындан жаманды баштан кечиришкен. Кыргызды намысы кырат, намысы оңойт. Намысыбызга келе албай, бири-бирибизге асылып куруп атпайбызбы. Псих болуп атпайбызбы. Минте берсек келечек муундарыбыз да псих болот. Туулганда эле псих болуп туулат. Ошондон этият болуш керек. Жакшы күндү биз көрбөсөк мейли, бала-чакабыз көрсө дурус болбойбу. Кандай адамдар өлүмдөн коркпойт, билесиңби? Бардык адамдар өлүмдөн коркот, бир гана элге алынган эмгеги бар адам коркпойт. Мындай адамдар күлүп өлөт. Ал эми ырайы суук өлгөндөр ким, билесиңби? Билбейсиң. Мен билем. Бирөөлөр болот, акчасы бар, басып, катып алган. Аны ал аялына бербейт, баласына бербейт, элге да бербейт. Акыры өлөрүн сезгенде акчасынын калып жатканына күйүп, акшыңдап атып өлөт. Мындайларды көмбөй койгон эле оң.
– Жанараакта “элди сагынып бук болом, эл аралабасам куса болом” дедиңиз. Андан башка да бук болгон учурларыңыз болобу?         
– Кээде өзүм жалгыз олтурганда эмнеге ыйлап жатканымды сезбей калам. Ыйлай эле берем, ыйлай эле берем. Бирок, жыргайм ошого. Бук болгонумду ушинтип сезем. Кудай мага жакшы жан бериптир. Оорубаган оору калбады, жатпаган оорукана калбады. А-баса, мен жатпаган бир гана оорукана калыптыр. Ушу жашка чыкканы төрөт үйүнө жатып көрө элекмин. Ушулардын баарын эстеп бук болом. Өзүмдүн өмүрүмдө жалпысынан бактылуу экенимди сезип бук болом. Былтыр кышта Кытайга бардым дебедимби. Кетип жатканымда “айланайын булбулум, айланайын күкүгүм” деп кемпир-чалдар кучактап, балбалактап ыйлап атса, озондогум келди ой! Кайра чочудум, «бу бала ичип алгандан сообу?» дешпес бекен деп. Ырдап атып ыйлап алдым. Ыйлабасам көкүрөгүм жарылып кетпейби. Ошондо өлүп кеткиң келет экен. Эшикке чыксак миңдей киши мени төбөсүнө көтөрүп кетти. Биз менен кошо облус аки­ми да барды эле. Ошо киши айтты: “аким болгондон көрө, Абдыкадыров болуш керек экен” деп. Бул деген бакыт эмей эмине?!
– Өткөндө, Бишкектеги концертиңизге “эл аз келди” деп таарынбадыңызбы?
– Таарынсам кудай төбөгө урбайбы! Ырас, тээ алтымышынчы жылдары концертиме эл кара таандай каптап келээр эле. Азыр жагдай башка. Айланайын элим, кыйналып турганын көрүп турам. Келгенине тобо деш керек. Бирок кимдер келишти? Мени чындап баалагандар. Арасында жаштар көп. Ошого сүйүндүм. Ырым менен эки эле кишиге жаксам, мен тирүүмүн. Эл кол чапса, ошондон кубат алам. Анүстүнө, мен анда акча үчүн келген эмесмин. Угуучуларымды сагынып келгем.
– Партияга мүчө болдуңуз беле?
– Йe, бир жылча облустук чыгармачылык үйүнө деректир болгом. 90 сом айлыгы бар эле. Иштетпей эле чогулуштан чогулушка чакыра беришет. Бир күнү “партияга өтпөсөң деректир боло албайсың” деп калышты. Өтпөй койдум. Чакырып алып, “эмнеге өтпөйсүң?” деп сурашты. “Партияңарга өтсөм, кайра аял ала албай калам” дедим. “Кераяк экенсиң” деп, кийин ишин да алып коюшкан. Партиядан көргөн жакшылыгым ушу.
– Азыр көп партиялар бар эмеспи. Ошолордун кайсынысына өтөөр элеңиз?
– Калкка пайдасы чындап тийген партия болсо өтөөр элем. Жөн жатканча, калкка пайдам тийсин да. Маянамды бүт эле мүчө акыга төлөмөкмүн. Мени байбичем эле багып алат.
– Кийинки шайлоодо дагы депутаттыкка ат салышасызбы?
– Эгер, эл ишенип шайлап салса арга жок. Ал эми азыркы депутатчылап эл камын ойлобой, эки аял алыш-коюшту талашып жатканча, депутат болбой эле койдум.
– Музыкасыз жашоону элестете алаар белеңиз?
– Музыкасыз жашоо жок. Жашоонун өзү – музыка. Симфониянын өзөгүн обон түзөт. Ал эми аалам, космос деген – симфония. Куранда айтылат: кудай адамдын денесин чоподон ийлеп, музыка менен жан салган деп.
– Убакыт деген учкул нерсе турбайбы, Ырыспай аке. Ардактуу эс алууга чыгаарыңызга деле аз калыптыр. Ошондо эмне кылсам дейсиз?
– Баарын токтотом. Музыка жазганды да, ырдаганды да. Эшек жайлоого кетем. Бала болуп кетем. Балалыктан башталгам, балалыктан бүтөмүн. Тилегим ушундай.
  Сөз соңу
Бул маекти, “кудай өзү кечирсин” деп туруп, 1994-жылдын 12-январында, Ыракемдин туулган күнүндө болгон деп болжоп койдум. Ошондон туп-туура тогуз ай өткөн соң Ырыспай акем аттанып кете берди алтын балалыгына. Туп-туура 53 жашка толгон күнү тиленди эле кудайынан, тилегин берип салды ал дагы. “Кете берди” деген сөзүмдү кайта артка алам, урматтуу окурманым, ошол жылды�� 12-сентябрында Ырыспай акем балалыктын ак таңына аралашып атып кетти…
Ар күнү таң атканда эстеп калам Ырыспай акемди. Агарып, жадырап аткан таңды ага окшотом… Күлмүңдөп күлүп кылтыйган күндү дагы ага окшотом… Балага окшотом… Балама окшотом…
Капар Токтошов, “Кыргыз тили”
0 notes
temirlik · 7 years ago
Text
Бул материал Кыргыз маданият борбору сайтында жарыяланган
New Post has been published on http://kmborboru.su/2018/05/19/timde-mamlekettik-til-n-g-d/
ТИМде мамлекеттик тил өнүгүүдө
Tumblr media
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамын, “Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн Улуттук программасын” ишке ашыруу максатында мамлекеттик тилди өнүктүрүү үчүн көптөгөн алгылыктуу иштерди жасоонун аракетинде.
Министрликте жыл сайын мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча Иш план түзүлүп, аталган Пландын негизинде иштер жүргүзүлөт.
Ошондой эле кызматкерлерге көмөкчү материал катары дипломатиялык терминдердин орусча-кыргызча сөздүгү иштелип чыгып, жарыкка чыгарылган. Бул сөздүктө дипломатия жаатында кеңири колдонулган сөздөр, терминдер, айтылыштар камтылган жана орус-кыргыз тилинде чыккан алгачкы эмгектердин бири болуп саналат. Учурда бул сөздүктү биздин министрликтен сырткары көптөгөн министрликтер жана мекемелер көмөкчү материал катары колдонууда. Аталган сөздүккө толуктоолорду киргизип, кайрадан басылмага берүү пландалууда. Ошону менен бирге, мамлекеттердин аталыштары кыргыз-орус-англис тилдеринде иштелип чыгып, КР Өкмөтүнө караштуу Терминологиялык комиссиянын карап чыгуусуна жөнөтүлдү. Бул мамлекеттердин аталышын бирдиктүү формада кыргыз-орус-англис тилдеринде колдонууга өбөлгө түзөт.
Министрликте иш кагаздарын жүргүзүүдө бирдиктүү формадагы үлгү катары колдонуу максатында дипломатия чөйрөсүндө кеңири колдонулган иш кагаздардын, документтердин бардык түрлөрүнүн үлгүлөрүн мамлекеттик жана расмий тилдерде иштеп чыгуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Ал иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүдө көмөкчү материал катары колдонулуп, документтердин, иш кагаздардын бирдиктүү формада жазылуусуна шарт түзөт.
Министрлик мамлекеттик тилге багытталган ар кандай маданий иш-чараларды үзгүлтүксүз өткөрүп турат. Кыргызстанда жашаган башка улуттарды колдоо жана улуттар аралык достукту бекемдөө максатында Эл аралык эне тил күнүнө карата дипломаттар арасында конкурс уюштурулуп, конкурстун жүрүшүндө катышуучулар эне тил, мекен тууралуу чыгармаларды кыргыз тилинде жана чет тилдеринде көркөм айтышты. Бул иш-чарага Афганстан Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Мохаммад Исса Месбах ардактуу конок катары катышып, атактуу акын Шайлообек Дүйшеевдин «Эне тилин унуткандар» аттуу ырын кыргыз тилинде көркөм окуду. Аталган иш-чара позитивдүү маанай жаратып, кызматкерлерди эне тилди сүйүүгө чакыргандыктан, жыл сайын өткөрүүнүн максаттуулугу байкалды.
Муну менен катар эле, 23-сентябрь кыргыз тил күнүнө карата “Дипломатия жаатында мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн ыкмалары” аттуу семинар өткөрүү, дипломатия тармагында кеңири колдонулган терминдердин, айтылыштардын орусча-кыргызча сөздүгүнө толуктоо киргизүү, КРда аккредиттелген эл аралык уюмдардын аталыштарын кыргыз-орус-англис тилдеринде иштеп чыгуу пландалган.
Дагы бир баса белгилей кетчү жагдай министрликтин сайты (www.mfa.gov.kg) үч тилде – мамлекеттик, расмий жана англис тилдеринде иш алып барат.
Ошондой эле министрлик мындан кийин да мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча тынымсыз иш алып баруу, мамлекеттик тилге багытталган иш-чараларды үзгүлтүксүз өткөрүү, мамлекеттик тилдеги көмөкчү материалдарды иштеп чыгуу, мамлекеттик тилге арналган иш-чараларга активдүү катышуу боюнча иштерди жүргүзө бермекчи.
Н.Жусубакунова, ТИМдин Мамлекеттик тил боюнча секторунун башкы адиси, “Кыргыз тили”
0 notes
temirlik · 7 years ago
Text
Бул материал Кыргыз маданият борбору сайтында жарыяланган
New Post has been published on http://kmborboru.su/2018/03/22/midin-alybaev-tuuraluu-kyzyktuu-10-fakty-42-zhash-sejrek-talant-tash-korgon/
Мидин Алыбаев тууралуу кызыктуу 10 факты. 42 жаш, сейрек талант, "таш коргон"
Tumblr media
Учурда 100 жылдыгы белгиленип жаткан көркөм сөз чебери Мидин Алыбаевдин адамдык жана жазуучулук өзгөчөлүктөрү тууралуу 12 факты сунуштайбыз.
Лириканын, сатиранын, котормонун жана драманын чебери өз убагында эмнеге бааланбай калган деген суроо өзүнөн-өзү жаралган учурлар да жок эмес.
Туулган жери туура эмес берилип келет. Мидин Алыбаев бул жарык дүйнөдө 42 жыл гана өмүр сүргөн. Буга чейинки окуу китептеринде, адабий изилдөөлөрдө, хрестоматияларда, ар кандай маалыматтамаларда Мидин Алыбаев Жумгал районунун борбору Чаек кыштаганда туулган деп айтылып-жазылып келсе, жакында Кыргыз Республикасынын эл мугалими, маданиятка эмгеги сиңген ишмер, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин авторлорунун бири Шабданбек Кулуев анын 1917-жылы ноябрь айынын алгачкы он күндүгүнүн биринде Жумгал районундагы Миң-Теке жайлоосунун Кайың-Суу конушунда жарык дүйнөгө келгенин жазып чыкты.
Мидиндин аты Мидин эмес экен.Болочок акындын атасы Алыбай кепке чечен, оокатка тың жылкычы болсо, апасы Бегим уз, оймочу, чебер аял болгон, кымызы өзгөчө ичкендерди тамшандырчу экен. Бала төрөлгөндө чоң атасынын досу Сулайман молдо азан чакырып атын Асамидин коёт да, асыранды бала катары өз уулу Маматемир Сулаймановго берет, анда үч жашка чейин чоңоёт, аларга боор бербей койгондо кайра чоң атасы алат да, ысымын Мидин деп аташат.
Беш жашында жамактап ырдаган. Мидиндин апасы куяңдап ооруп, байкелери аял албай, ооруган белин эптеп көтөрүп оокат кылып аткан Бегим апасына бала агаларын какшыктай мындай ырдаптыр:
“Атың – Бегим, Оорулуу болду белиң. Же сенде жок келин!” Ошол кезде ал беш гана жашта экен.
Мидин – парашют менен секиргенде… Акын 1938-1940-жылдагы орус-фин согушуна катышкан. Бир жолу самолёттон секирип, шамалдын багытын туура эмес эсептеп алып, жалгыз бой кемпирдин тамаркасына түшүп калат да, бутун сындырып, ал жерде бир топ күн жатып, анан аскердик бөлүгүн таап барат. Ошондо сынган бутунан кийин сылтып басып жүрчү.
Көп аял алган, бирок бир да аялы менен жаман айтышып ажырашпаган. Мидиндин биринчи аялы Гүлнара – элге таанымал казак кызы эле. Экинчи аялы – атактуу акушер болгон, андан Анара аттуу кызы бар. Үчүнчү аялы – Жыпариза, ал эжекебиз да колунан калемин түшүрбөй жазып келди. Андан Мидиндин төрт кызы, Медер аттуу уулу тукумун улап жүрөт. Айтмакчы, Мидиндин экинчи аялы акушер катары акындын үчүнчү аялы Жыпаризанын төрөтүн кабыл алган, ал ошондо жарык дүйнөгө келген Медердин киндик энеси болгон.
“Мидиндин таш коргону”. Өткөн кылымдын 2-жарымындагылар азыркы Эркиндик проспектиси менен Токтогул көчөсүнүн кесилишиндеги, ал кездеги Дзержинский бульварындагы, атактуу женпеддин маңдайындагы “Люкс” дүр-дүйнө дүкөнүнүн ыптасындагы жертөлөөдөгү ашкана, сыракана тууралуу жакшы билишет. Бул жерге акын-жазуучулар жана алардын кеп-сөзүн тыңшагысы келгендер көп келчү. Тегерек-чети таш менен кооздолуп, ортосунда оргума чыгып турган бул жерди “Мидиндин таш коргону” атап, көпчүлүктүн кездешчү, айрымдардын “баш жазуучу” жайына айланган…
Владимир Маяковскийге акындык отчёт жазган. Алыбаевдин “Владимир Маяковскийге акындык отчёт” деген ыры өз кезегинде да, бүгүнкү күнү да бир кыйла оргиналдуулугу менен айырмалант. Акын өнөрдүн ыйык милдети, кыргыз жазуучуларынын чектелген ой жүгүртүүлөрү, чыныгы адабият жана халтурщиктер тууралуу Маяковскийдин стилин туурап, ыр саптарын сындырып, эркин ыр формасында поэма жазган. Дал ушул поэманын таасиринде, Байдылда Сарногоев “Мидинге кат”, Эсенгул Ибраев “Мидинге кат”, Жолоочу Рысбаев “Бизге керек бир Мидин” деген чыгармаларын жазган.
“Мидин айткандай…”, “Мидин мындай дегендей…”. Ушундай сөздөр кыргыздар арасында узак жылдардан бери айтылып келет. Чын эле андай оозеки айтылып келген окуялардын бир тобу Алыбаевге таандык болсо, бир тобу ойдон чыгарылып, бир адамдын айланасына топтолуп айтыла бергендей. Мидин кандайдыр бир күлкүлүү жоруктарды көрсөтүп, эл ичинде куйкум сүйлөп, так, таамай, таасирдүү кеп айтып, же кимдин бирөөгө бир куплет ыр чыгарып кете берген да, анысы эл арасында ооздон оозго көчүп айтылып жүргөн. Бул жагынан бир дагы кыргыз акын-жазуучусу Мидиндей “советтик кыргыз фольклорунун” башкы каарманы болгон эмес. А түгүл “кайра куруу”, “демократия” дегендер башталган учурда “Мидиндин эшек дептери” деген ат менен жарыялоого “кол барбай” турган чыгармалар да жарыяланып кетти. Алардын баары эле Мидинге таандыкпы, же андай эмеспи, ал эми текстолог адистердин иши.
Эмне үчүн көп чыгармалары жарыяланбай калганы тууралуу ой жүгүртүп… Мидин жана ичкилик… Таланттуу лирик жана сатирик акындын көзү өткөндөн кийин гана “Ачылбаган кат” (1964), “Жарык көрбөгөн каттар” (1964) деген көлөмдүү китептери чыккан. Аларга кирген аңгемелери, очерктери, фельетондору анын кара сөздө да дурус иштегендигин айгинелейт. Албетте, Мидин Алыбаевдин китептери өз убагында басылбай келгендиги анын ичкилик менен жакын болгондугуна байланыштуу. Дагы бир досу Райкан Шүкүрбеков менен бөтөлкөлөш болуп, жумуштан бир нече жолу чыгарылган, шаардан кетип, Жумгалда да көп жүрүп калган. Устаты жана өкүл атасы Аалы Токомбаев бир нече жолу аракет кылып да ичкиликтен оолактата албай койгон. Ошол эле кезде ичкиликти таштап, “сасык сууну” жыттабай койгон күндөрү да болгон. Бирок “ичет” деген каргы мойнуна тагылып, китептери басмалардын пландарынан сүрүлүп калган.
Өлүм табышмагы. Алыбаевдин 1959-жылдын 3-декабрындагы (айрым булактарды 9-декабрь) капыс жерден өлүмгө учурашы да азыркы күнгө чейин табышмак бойдон, жандырмагы жок келет…
Абдыкерим Муратов, “Sputnik-Кыргызстан”, © пресс-служба мэрии города Бишкек, 18.12.2017-ж.
0 notes
temirlik · 7 years ago
Text
Бул материал Кыргыз маданият борбору сайтында жарыяланган
New Post has been published on http://kmborboru.su/2018/03/22/sanzhyra-programmasy-kyrgyz-eli-zhana-anyn-d-l-tt-r-video/
"Санжыра" программасы: Кыргыз эли жана анын дөөлөттөрү (видео)
Tumblr media
1-бөлүк:
http://kabar.kg/kyr/site/assets/files/13206/1-b_l_k_kyrgyz_tili_anyn_d_l_tt_r_sait.mp4
  2-бөлүк:
http://kabar.kg/kyr/site/assets/files/13207/2-b_l_k_kyrgyz_tili_anyn_d_l_tt_r_sait.mp4
  “Кабар” КУМА, 14.12.2017-ж.
0 notes